Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кош жарандуулугу бар чиновниктер үчүн абак мөөнөтү тууралуу депутаттар эмне дешет?

Депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошот, бирок 5 жылга эркинен ажыратуу өтө эле катаал жаза болуп калат дешет

Жогорку Кеңеште кош жарандуулугу бар чиновниктерди, сотторду , президенттикке талапкерлерди, ошондой эле депутаттарды абак мөөнөтү менен жазалоону сунуш кылышты. Тийешелүү мыйзам долбоору КР  Кылмыш кодексине толукталуу үчүн коомдук талкууга коюлду.

Бул документтин демилгечилери Алмазбек Баатырбеков менен Дастан Бекешев бул норма жашыруун маалыматты сактоо үчүн керек деп билдиришти.

Бул мыйзам долбоорунун алкагында, соттор жана   саясий мамлекеттик кызматта иштегендер башка өлкөнүн жарандыгын жашыргандыгы үчүн 260 миңден 300 миңге чейин айып пул салынат, же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Депутат Евгения Строкова  кесиптештеринин демилгесин колдоп, дайыма кош жарандуулукка каршы болуп келгендигин айтты.

Эл өкүлү Vesti.kg сайты менен болгон баарлашуусунда чынында сунуш кылган жаза катаал болуп калгандыгын белгиледи.

- Менин оюмча 2,5 жылдан 5 жылга чейин бул өтө эле катаал жаза, бул жаза кандай структурада иштегендигине жараша болсо туура болмок. Мисалы, анын иши мамлекеттик сыр менен байланышкан жумуш болсо анда эркинен ажыратса болот. Албетте, кош жарандуулук баары үчүн ыңгайлуу деңизчи, бирок мен буга өзүм орус болгондугума карабастан терс көз караштамын. Бул деген эки динди бирдей кабыл алганга барабар болуп калат экен.

Евгения Григориевнанын ою боюнча кош жарандуулугун жашыргандыгы үчүн жарандарга айып пул салуу же кызматынан четтетүү ылайык.

- Кайсы бир өлкөнүн жараны болуу менен бирге, бир гана укуктуу эмес, милдетттүү да болуп калышат. Ошондуктан ыңгайына карай берүү туура эмес.

Кош жарандыгы бар туруп мамлекетти алдап өкмөттүк кызматка иштөө туура эмес. Алдаганы үчүн сөзсүз жооп бериши керек.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов да бул мыйзам долбоорун керектүү деп эсептеди.

- Эгерде документ жогорку саясий кызматтагыларды жазалоо үчүн каралып жатса , анда бул документти талкуулап көрүш керек. Бирок бул мыйзам азыр чет өлкөдө иштеп аткан жана мурда иштеп, жашап келген жарандар үчүн кеңири таркалбашы керек, - деп өз оюн Vesti.kg сайтына билдирди.

Эл өкүлү Мирлан Жээнчороевдин ою боюнча жогорку кызматта иштеген  адам өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргошу керек.

- Мыйзам кабыл алуу керек, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анткени чоң кызматтагылар биздин мамлекеттин кызыкчылыгы катылган жашыруун маалыматтарга ээ.  Бул деген анын такай ушул жерде жашап, кызмат кылып, ушул мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жана Кыргыз республикасынын жараны болушун талап кылат.

Мындан бир кыйла мурун Жогорку Кеңештин депутаты Казакстанда кармалгандыгын эсиңиздерге салабыз. Аны иликтегенден кийин Кыргызстандын БШК ти анын депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтсүз токтоткон болчу. Анткени  казак жарандыгынын бар экендиги буга негиз болуп берген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх