Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун Алмазбек Атамбаевге жазган каты шардана болду

Бишкек ЖЭБ ун модернизациялоону ТВЕА компаниясына тапшыруу экс-премьер-министрдин идеясы болгонбу?

Баасы аябагандай кымбатка турган Бишкек ЖЭБ ун модернизациялоо үчүн ТВЕА Кытай компаниясы менен келишим түзгөн Сапар Исаков болгон. Vesti.kg сайтына мындай маалыматтын булагы болуп мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ошол кездеги президентке жазган каты эсептелет.

Катта көрсөтүлгөндөй, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппаратынын тышкы саясий иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турган.

Сапар Исаков өз катында жылуулук электр борбору модернизациялоого муктаж деп Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

Ал Бишкек ЖЭБун кыш мезгилине даярдоо үчүн аргументтерди келтирип, кемчиликтери бар экендигин, оңдобосо такыр болбостугун айткан.

Ошол кезде  Токтогул ГЭС өтө аз чыңалуу менен иштеп жаткан, себеби, суугатка сууну топтоп атышкан болчу. Жайында болсо баары тескерисинче бөлүштүрүлдү. СССРдин акыркы жылдарында зыяндуу таштандылардын көлөмүн азайтуу үчүн ЖЭБ Өзбекстандын арзан газы менен иштеди. Бирок эгемендүүлүк алгандан кийин бул кырдаал өзгөрүлдү, деп жазат андан ары Сапар Исаков. ЖЭБ көмүр жана мазутка өтүү менен бирге  өлкөнүн 96% жылуулук энергиясын бөлүп чыгара баштады.

Экс-премьер 2011-жылы ААК "Электр станциялары" электр энергиясын экспортко көп чыгаруунун эсебинен (2,6 млрд. кВт/с) кирешени көп тапкан, бул жетишкендиктер суунун көптүгүнө байланыштуу болгон. Ал эми 2012-жылы суу азайып экспорт төмөндөгөн ( 1,5 млрд. кВт/с) жана бюджет дефицит менен чыккан.  Сапар Исаков  суунун аздыгы көп убакытка созулаарын айтып, электр энергиясынын экспортун азайталы да, Токтогул суу сактагычын толтуралы деген.

Энергосектордун Нарын дарыясынан көз карандылыгы коркунучтуу, калкты тынымсыз электроэнергия жана  жылуулук энергиясы менен камсыздоо үчүн Бишкек ЖЭБнун кубаттуулугун арттыруубуз зарыл деген.

Президенттин аппаратынын орун басары казанагрегаттары иштен чыккандыгын, 24 даананын ичинен 17 си гана иштээрин айткан. Ремонтко кеткен чыгым жыл сайын өсүп жатат, акыркы он жылдын чыгымы 100 млн. доллар болуп калыптыр.

Ошондуктан жылдан жылга өндүрүштөгү чыгымдар көп болуп атат деп билдирген Сапар Исаков. Отунга болгон баанын кымбатташына байланыштуу кызмат көрсөтүү да кымбаттап жатат. Тышкы саясаттын орун басарынын айтымында ошондон улам чыгымдар азыр эле 3,4 млн сом болуп калган. Авария коркунучу жана чет өлкөдөн мазут алып келүү кыйынчылыктары ушуну жаратууда дейт ал.

- ЖЭБнун акыбалы Кыргызстандын көмүрүн көп жакканга туруштук бербейт, - деп түшүндүрөт ал. - Тетиктерди жаңылоону кыскартуудан түшкөн пайда 300-350 млн. сом болот.

Бирок "Электр станциялары" кол куушуруп отуруп албайт дейт Сапар Исаков. Анын сөзү боюнча Бишкек ЖЭБун модернизациялоону каалагандар көп: кытайлык аэрокосмикалык корпорация «Чжун Хан» жана Chin Machinery Engineering Corporation, ААК «» Интер Рао РЭС«» 518 млн. доллар салууну көздөгөн жана ТВЕА компаниясы.

"Кытай компаниясы 8  казанды алмаштыруу жана 4 трубинаны 2  жогорку басымдагы казаны менен орнотуп берүүсү жана турбоагрегат 2* 150 МВт баасы 390 млн. доллар, - боло тургандыгын айткан. Мындай боло турган болсо 1 МВт 1,3 млн. долларга түшүп калат".

Модернизациянын максаты электр кубаттуулугун 400 МВт га көбөйтүп, андан ары 600 МВт ка чейин жеткирүү болгон. Сапар Исаков модернизациянын эффективдүү болушунан кышкы электр энергиясынын дефицитин азайтууну көрсөтөт.
Өткөн кышында болуп өткөн авария анын крсөткүчтөрүнүн баарын жокко чыгарды.

Бирок акыйкаттык үчун айтып коюшубуз керек, Сапар Исаков өз катында Атамбаевден бул ишти жол жана транспорт Министрлигине тапшырууну сунуштаган. Документте Сапар Исаковдун колу жана КР Президентинин аппаратынын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг  бөлүмүнүн  башчысы Нурсулуу Ахметованын колу турат.

Бишкек ЖЭБун кыш мезгилине даярдоодо, 2017-2018 жылда ташылган кмүрдүн үчтөн биринен көбү Казакстандан(Шабыркуль) тартылган эске сала кетебиз.

Өкмөттүн мурунку пресс-секретары Гульнура Торалиеванын айтымында катта эч кандай бирөөнүн кызыкчылыгы катылган эмес.

- Бул жөн гана баарына белгилүү кырдаалды сүрөттөө, - деп комментарий берди. Президенттин көңүлүн бул маселеге буруу үчүн, катка эки бөлүм башчынын колу коюлган.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх