Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коррупционерлерди түрмөдөн чыгаруу - эч кандай демократия эмес!»

Сөз эркиндигин коргоо комитети өтүнүч боюнча президенттин мурдагы саясатчылардын кылмыш иштерине аралашуусун сындашты

Президент Сооронбай Жээнбеков тез арада Манас Арабаевдин жана Алмаз Маткасымовдун сотторго кылган басымын териштириши керек. Ушундай арыз менен сөз эркиндигин коргоо Комитети мамлекет башчыга кайрылышты.

УКМК жана Башпрокуратура тарабынан караланган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Канат Исаев, Мелис Аспеков, Бекболот Талгарбеков, Торобай Колубаев, Марат Султанов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүшөнкул Чотонов, Абдылджа Капаров, Максат Кунакуновдордун иши боюнча мамлекеттик деңгээлде саясий баа берилиши керек", - дешет өз билдирүүлөрүндө.

Кайрылууда алардын бардык саясатчылар мурунку бийликтин сөз эркиндигин басынтуусунун кесепетинен түрмөдө отурушкандыгы көрсөтүлгөн.

Активисттер мурунку бийлик ушундай жол менен саясий атаандаштарын тазалоону коздөгөндүгүн айтышат.

Бирок мындай көз карашка Өмүрбек Текебаевдин мурдагы партиялашы  өмүрбек Абдрахманов макул эмес. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бул комитеттин жетекчилеринин ичинде экс-депутат Равшан Жээнбеков бар. Ал Ата Мекендин Маевскийден миллион доллар алгандыгын мойнуна алган.

Өткөн жылдын акырында соц.тармактарда жайылган аудиозапистеги кишинин бири Жээнбеков болгон.  Миллион доллар алгандыгы тууралуу ошол маалда баары билишкен, Маевский менен Текебаевдин жоолукканы да факт. Миллион доллар алганы да факт, бирок далилдөө кыйын. Бул сөз эми пресса үчүн эмес." Мен жоолугушууда болгон эмесмин, Абдрахманов жүргөн. Алар Текебаев экөө дос болчу анда", - деп айтылат записте.

Равшан Жээнбековдун комитети азыр позициясы жок иш кылып атат, ал сөз эркиндигин өз максатына колдонуп жатат.

- Анда бул комитет анын күнөөлүү экенин билип туруп коргоп атабы ? Кз карандысыз соттор тууралуу айтып атышып, ьошол эле убакта Сооронбай Жээнбековдун бул ишке кийлигишүүсүн суранышат. Коррупционерлерди търмөдөн чыгаруу эч кандай демократия эмес,- деп сөзүн бүтүрдү экс-депутат.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх