Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновдун бир тууганын УКМКнын борбордук аппаратынан регионго которушту?

Такталбаган маалыматка караганда, Зулкайнар Илмияновду мурун Абдиль Сегизбаев кызматынан прапорщиктен офицерге чейин жогорулаткан

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун бир тууганын УКМКнын борбордук аппаратынан Нарын областынын улуттук коопсуздук комитетинин мамлекеттик башкармалыгына которулган.

Бул тууралуу Vesti.kg сайтынын өздүк булактары билдирди.

Такталбаган маалыматтар боюнча Абдиль Сегизбаев УКМКга жетекчи болуп турганда мыйзамсыз эле, Икрамжан Илмияновдун суранычы менен анын аскердик чинин жогорулаткан.

Жогорудагы маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн Vesti.kg сайты өз кезегинде улуттук коопсуздук комитетине кайрылган. УКМК нын пресс-кызматы жакын арада маалымат берет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх