Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы доосу боюнча сот башталды

Сот процессин башка күнгө жылдырышты. Бажы кызматкерлери жана министрлер кабинети жоопкерчиликти бири бирине түртүп жатышат

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун доосу боюнча соттук процессти ушул жылдын 17-майына жылдырышты. Бул тууралуу Жогорку соттун пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.

Ведомствонун пресс-катчысы Сюита Соорбаеванын айтымында, юристтердин документтер менен таанышып алышы үчүн өкмөттүн өкүлү процессти кийинкиге жылдыра турууну суранган.

Анткени менен сотто  Матраимовдун жактоочусу процессти жылдырууга каршы экендигин айткан. Анын сөзү боюнча, документтер менен иштин жүрүшүндө эле таанышып алышса болмок.

Андан сырткары бул соттук териштирүүдө бир катар карама каршылыктар келип чыкты. Бажы кызматынын юристи премьер министрге иштен бошотуу тууралуу сунушту жөнөткөн эмесмин деди.

Өкмөттүн өкүлү болсо тескерисинче айтты.

Сот Алмаз Калыбаев 17-майга өкмөттүн өкүлүнө Раимбек Матраимовдун жумуштан бошотулгандыгы тууралуу журналды алып келишин сурады.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары  өкмөттү сотко бергендигин эсиңиздерге салабыз. Ал мурунку премьер-министр Сапар исаковдун чечимине каршы болуп жатат. Ал өзүнүн доо арызында мыйзамсыз иштен алынгандыгын  айтат.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх