Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Сом Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн символу болуп калды

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасындагы банк тармагындагы кызматкерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктады.
Тексттин мазмуну төмөнкүчө:
 
 " Урматтуу Кыргыз Республикасынын банк тармагындагы кызматкерлери !
 
Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм !

Ушул жылы өлкөбүз улуттук валютабыз сомдун киргизилгенине 25 жыл болгондугун белгилейт.
Артта калган чейрек кылымда, сом бир гана акча-кредиттик саясаттын көз карандысыз инструменти эмес, эгемендүүлүктүн да символу болуп калды.
Бүгүнкү күндө банк сектору социалдык-экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошуп, банктык кызматтарды көрсөтүп жана экономика секторундагы проектилерди финансылап жатышат.  Банк кызматкерлеринин эмгегинин аркасында финансылык стабилдүүлүккө, банктык жана төлөө системасындагы коопсуздукка жетиштик.
Өлкөнүн банк системасынын өнүгүү потенциалына сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер кызмат кылат деп ишенем.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм ! Чың ден соолук, бейкутчулук жана Кыргызстандын гүлдөшү үчүн ийгиликтүү иштешиңерди каалайм ! "
 
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

Фото www

 


 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх