Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбеков: Чамасы менин саясий атаандаштарым булганыч методдорду колдонушат

Депутат анын Максим Бакиевдин обьектилерин басып алды деген маалымат жалган жалаа деди. Саясатчы ММК ны сотко берүүгө даяр экендигин билдирди

Депутат Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү ММК нын бирин сотко берүүгө ниеттенип жатат, себеби, алар анын ою боюнча жалган маалымат жарыялашкан. Бул тууралуу эл өкүлү Vesti.kg сайтына билдирди.
Чыныбай Акуновичтин ою боюнча басылма ал сөз  кимдир бирөөнүн сөзү болгон күндө да, мындай маалыматты таркатканга укугу жок болчу.

- Азыр интернетте оюна эмне келсе ошону жаза берген фейктер көп,- дейт ал. - Бирок, басылмаларга алардын сөздөрүн көчүрүп жаза берүүгө укугу жок. Мен териштирем бул ишти, сотко да беришим мүмкүн.
Ошону менен бирге эле ММК жарыя кылган интернет колдонуучунун сөзүн жокко чыгарды. Албетте бул жалаа, балким бул менин саясий оппоненттеримдин кылган  булганыч иши.

Интернет колдонуучулардын бири депутат Чыныбай Турсунбеков мародёрлук менен Максим Бакиевге тийешелүү "Акылинвестбанкты" жана Бишкек арак-шарап заводун басып алган деп жазган постун ММК лардын бири жарыялап жиберген.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх