Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууну сунуш кылышты

Депутат экс-президенттин Кыргызстанда кол тийбес эч ким жок дегенин эстеди

Депутат Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу маселе көтөрдү.  Бул тууралуу ал  бүгүн Бишкек ЖЭБ авариясын иликтеген депутаттык комиссиянын отчёту каралып аткан отурумда айтты.

Исхак Апсаматовичтин  сөзү боюнча, "Кыргызстанда кол тийбес эч ким жок"-  деп  президент Атамбаевдин өзү көп жолу айткан.

- Эгерде анын күнөөсү жок болсо, анда ушинтип айтабыз,- деди эл өкүлү. - Кокус күнөөлүү болсо, анда жазасын алышы керек.

Бүгун Бишкек ЖЭБ нун авариясын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отчёту парламентте каралып аткандыгын эсиңиздерге салабыз. Отурумга мурунку премьерлер Сапар Исаков, Темир Сариев жана Жантөрө Сатыбалдиевдер келишти.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх