Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламентке мурунку премьер-министрлерден үчөө келди

Чакырылган мурунку өкмөт башчылардан Жоомарт Оторбаев жана Сооронбай Жээнбеков келген жок

Парламенттин отурумуна экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Темир Сариевдер келишти.

Мурда белгилүү болгондой, депутат Рыскелди Момбеков бүгүнкү ЖЭБ нун авариясын иликтеген депутаттык комиссиянын отчётун талкуулаган отурумга мурунку  премьерлердин бардыгын чакырууну талап кылган.

ЖЭБун иликтөөдөгү депутаттык комиссиянын мүчөсү  Акылбек Жаманкулов жылуулукэлектроборборунун авариясына  Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темор Сариев, Токон Мамытов, Кубанычбек Турдубаев, Сапар Исаков жана башка көптөгөн адамдар күнөөлүү деп эсептейт.

Ошол эле учурда отчётко ылайык Сооронбай Жээнбеков ЖЭБ ун реконструкциялоого катышы жок деп билдирди.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх