Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков Исхак Масалиевден экс-президент тууралуу сүйлөбөөсүн суранды

Мурунку премьер-министр Алмазбек Атамбаевге болушту

Экс-премьер-министр Сапар Исаков депутат Исхак Масалиевди экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу ар нерсени айтып элдер менен депутаттарды алдабоосун өтүндү. Бул тууралуу ал Бишкек ЖЭБу тууралуу болуп жаткан депутаттык комиссиянын парламенттик отурумунда айтты.

Экс-премьердин сөзү боюнча президент эч качан жылуулук электроборборун модернизациялоого тикелей буйрук берген эмес.

- Ал болгону бул же тигил маселени карап көрүүгө тапшырма гана берчү, - дейт Исаков. - Ошондуктан урматтуу Исхак Апсаматович минтип айткан болбойт. Бул алдоо. Бул чоң күнөө.

Бүгүнкү парламенттин Бишкек ЖЭБ боюнча отурумуна мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиевдер келишкендигин эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх