Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиевдин жардамчысы шефинин бухгалтери тууралуу эч нерсе айтпайт

Бул бухгалтердин  TBEAда иштегендиги тууралуу парламентте сөз болду

Аскарбек Шадиевдин мурдагы эсепчиси Бишкек ЖЭБун модернизациялаган  TBEA кытай компаниясында иштейт.  Бул тууралуу кечээ Бишкектин жылуулук электроборборунун авариясына байланыштуу  түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчётун талкуулоо отурумунда Кожобек Рыспаев айтты.

- Башталганда эле бул проект коррупцияга малынган болчу, - дейт ал. - Укук коргоо органдары текшерип жана териштирсин.

Коомчулукта чет өлкөгө чыгып кеткен Шадиев ушул ишке байланышы бар болсо керек деген сөздөр болуп жатат.

"Электр станциялары"  ААКнун маалымат кызматы  бул кырдаалга эч кандай сөз кошо албасын билдирди Vesti.kg сайтына.

- Биз эч нерсе билбейбиз, - деди ААК «Элект станцияларынын» пресс-катчысы Тагжан Айдаралиева. - Анын үстүнө менчик компаниянын кадрдык курамы тууралуу силерге айтканга укугубуз жок.  

Бул бухгалтер тууралуу Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков көп деле биле бербейт.

- Эмне тууралуу сөз болуп жаткандыгын мен түшүнгөн жокмун,- деп гана кыска жооп берип койду ал Vesti.kg сайтына.

Кожобек Рыспаевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.

Кечээ ЖЭБдагы авария боюнча депутаттык комиссиянын отчётун парламентте талкууга алып баштаганын эсиңиздерге салабыз. Отурумга мурунку премьерлер Сапар Исаков,

Темир Сариев жана Жантөрө Сатыбалдиевдер келишкен.

Бакыт Стамов
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх