Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрдө Сочиге учуп кетет

Президенттин аппараты бул жүрүштүн максаты тууралуу айтып берди

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Сочиде боло турган Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттин аппараты билдирди.

Аппараттын өкүлүнүн айтымында бул жоолугушууга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары чогулушат: Россия, Казакстан, Армения, Белорусия жана Кыргызстан.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке бул уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары киришет жана жылына бир жолу чогулуп турушат.

Чечимдер консенсус аркылуу кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдер бардык мүчө мамлекеттерге бирдей милдеттүү болуп эсептелет.

Бакыт Стамов
Фото www

    
                                        

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх