Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков: Мен Сооронбай Шариповичти аяп койгом

Кечээги парламенттин отурумундагы талкуу - бул элди адаштырып, ЖЭБундагы авариянын чыныгы күнөөлүүлөрүн жоопкерчиликтен куткаруу болду, - деп билдирди мурдагы премьер-министр

Премьер-министр Исаковдун ою боюнча бул депутаттык комиссия башынан баштап эле туура эмес багытка түшкөн.

- Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде тажрыйбалуу саясатчылар жана татыктуу кишилер көп,-дейт ал. - Чындык баары бир калкып чыгат деп ишенем. Мен жеке өзүм эч качан жоопкерчиликтен качпайм. Менин эки суроом бар:

Биринчи суроо: январь айында болгон ЖЭБундагы авариянын себептери жана жетекчилердин жоопкерчилиги: ЖЭБнун ошондогу директорунан баштап премьер-министрге чейин. Алар 2017-2018 жылдын кышына даярдык көрүшкөн да. Башкача айтканда жөнөкөй мастерлер эмес, алтургай цехтин начальниктери да эмес, Нурлан

Өмүркул уулунан баштап Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейинкилер жооп бериш керек.

Мен Сооронбай Шариповичти аяп, авария боюнча жоопкерчилигин жашырып койгом. Көптөрү ошондо унчуккан эмес. Менин өкмөтүм күздө келген , мен ошентсе да жоопкерчиликти өз мойнума алгам.

Эми менин ошонумду алсыздык деп ойлоп жатышат.

Эмнеге ушул маселени ремонт болбогондугу үчүн авария болду деп көтөрүп чыгышпайт.

Мурунку ЖЭБнун директору Нурлан Өмүркул уулун Кожобек Рыспаев менен байланыштырып атышат. Муну менен жоопкерчиликтен качаканы жатышабы ? Качпаш керек ! Жооп бериш керек !

Экинчи суроо: ЖЭБун ремонт кылгандагы 386 миллион доллар жана аны пайдалануудагы кемчиликтердин корутундусу.  Бардыктжетекчилердин жоопкерчилиги: анын ичинде ЖЭБнун директорлоруна, энергохолдингдин башчыларына, министрлерге , премьер-министрлерге, ошондогу ЖК спикерине чейин жооп бериши керек.  

Башкача айтканда Андрей Воропаев, Айбек Калиев, Жанторө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикер Асылбек Жээнбековдор.

Ошондуктан менин оюмча депутаттык комиссия түзгөн тизме толук эмес. Эгерде баары акыйкаттуу болсун дешсе , ким кол койсо баарын суракка алышсын. Бул жерде тандап тизме түзүүнүн кереги жок, анткени президент айтпадыбы досума да, тууганыма да карабайм деп.

КСДП нын маалымат кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх