Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акылдуу шаар» долбоорун тендерсиз өткөрүү - бул мыйзамды бузууга жасаган кадам

Активисттердин айтымында, мамлекеттин киберкоопсуздугу коркунучта жана бул долбоордун ишке ашуусун талкуулоо үчүн коопсуздук Кенешин чакырууну талап кылышат

Жарандык көзөмөлдөө комитети "Таза коом"  долбоорун реализациялоону талкуулоо үчүн коопсуздук Кеңешин чакырууну талап кылат.

Координатор Динара Ошурахунова өзүнүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге болгон кайрылуусунда өлкөнүн киберкоопсуздугу жасалма жана жараксыз долбоордун айынан коркунучта тургандыгын айткан.

"Биз өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш жана кабыл алынган чечимдердин ачык айкындуулугу сыяктуу иштерин колдойбуз.

Бирок, маалымат технологиясынын Мамлекеттик комитетинин "Түндүк"  долбоору туура эмес багытта бара жаткандыгын айтат.

Ошурахунованын ою боюнча өкмөттүн «Акылдуу шаар»  долбоорун эч кандай тендерсиз, экономикалык расчётторсуз  реализация кылганы жатышы мыйзамды бузууга болгон кадам.
 
Эч кандай чоң чыгымдарсыз эле орнотулган камералар тартип бузууларды көрсөтүп турат, бирок эмнегедир министрлер кабинети бул долбоорду өз күчтөрү менен ишке ашыргылары келишпейт.

Мурдагы айтылган долбоорлордун таза экендигин да мониторинг кылып баштайбыз деп жарандык көзөмөлдөө комитети официалдуу билдирди.

Жогорудагы маселелерди талкуулоо үчүн коопсуздук Кеңешин чакырууну талап кылабыз", - деп аяктады Ошурахунова.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх