Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдагы авария тууралуу: Ошол кычкачтарды жайына койгулачы деги !

Популист депутаттардын Кытай менен Кыргызстандын мамилесин бузуп коюусунан чочулаган саясатчы

Депутаттар баары чогулуп алышып ЖЭБун модернизациялоодогу кымбат кычкачтарды айта беришип Кытай менен Кыргызстандын мамилесин бузуп коюшу мүмкүн . Бул тууралу оюн Бакыт Бакетаев Vesti.kg сайтына берген маегинде айтты.

Анын сөзү боюнча кыргызстандыктар, эл өкүлдөрү ЖЭБдагы кырдаалды жакшы билбей туруп, өтө эле катуу чуу көтөрүп атышат.

- Муну канча жолу түшүндүрдүк, бул кычкачтар тууралуу чуу кытай тилинен которгондогу каталардан улам чыгып жатат. Кээ бир популист депутаттарыбыз ушул нерсенин аркасы менен коомчулуктун алдында өздөрүнө упай топтоп алгылары келип жатышат.

Ушунун айынан Кытай бизге кредит бергенди токтотуп коюшу мүмкүн. Бизге болсо алардын кредитисиз азыр өтө кыйын болот.

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевтин айтымында кычкачтын курамына актка ылайык атайын жабдыктар кирген - ленталуу конвейер жана резина, жалпы баасы 600 долларды түзгөн.

«Кытайчадан которгондо бул жабдыктар кычкач деп жазылып калыптыр»,- деп түшүндүргөнгө аракет кылган Айбек Калиев өзүнүн тергөө абагында берген корутундусунда.

- Парламентте бул иштин чоо жайын биле беришпейт, бирок активдүү түрдө талкуулап атышат деди Бакетаев  Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Азыр аларга баары бир, бул жаңжал менен алар инвесторлорду качырышат.

Комиссиянын отчётуна ылайык, жылуулук электроборборунун ишине акыркы төрт премьер-министрдин катышы бар.

Алардын үчөө отурумга келип, суроолорго жооп берип отурушту.

Бул маселе боюнча талкууну 16- майга калтырышты.

Алтынай Темирова
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх