Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз Почтасы» дарегине айтылган сындарды чагымчылдык деп атады

Маалыматтарда жумуштан айдалган кызматкер жетекчилерин каралап жатат

Уурулук, тууганчылык жана бөлүмдөрдөгү оройлук тууралуу Vesti.kg сайына окурман айтып берди.

Анын айтымында 800 гө жакын почта бөлүмдөрүндө эң жөнөкөй сапаттуу интернет жок экен. Бирок ишти жөнгө салууга да болбойт. Анткени «Кыргыз почтасы» менен тил табышып алган уюлдук компания мекемени интернет менен камсыздайт.

«Тендерге катышууга мүмкүн эмес. Себеби мамлекеттик ишкана жетекчиликтин менчик компаниясына айланган. Албетте анан мекемеге пайдалуу нерсени алып келүу эч кимдин оюна келбейт. Ишкананы бир компания тейлейт. Бирок сапаты аябай начар. Эч ким тарифти алмаштырууну ойлобойт. Себеби бул жетекчиликтин тандоосуна каршы келип калат,- дейт атын атагысы келбеген маектеш.

Анын айтымында ишканада акча менен көз боёмочулук кылышат. Жетекчилик акча-каражатын убагында бербей, аны айлантып, пайда көрүшөт экен. Ошондой эле почточу пенсия менен жөлөк пулдарды убагында бербейт. Эмнеге андай кылат?- белгисиз.

«Өлүк-тирик» кадрлар

«Кыргыз Почтасы» өлүү-жандар менен акча жасашат. Жетекчилик туугандарынын баарысынын штаттан тышкары кызматкер кылып каттап, айлыктарын өз чөнтөгүнө салып турат дейт,-атын атагысы келбеген окурман.

«Адам келип жумушка кирет. Анан ошол бойдон жоголот. Айлыгы бухгалтердин жана жетекчинин чөнтөгүнө түшө берет. Айлык 15 000 сом болсо, салыктарды кармап калганда 12 000 калат. Аны жүзгө көбөйтсөк, ай сайын 1,2 млн сом болот.”

Ал эми бул жакта эмгектенип жаткандардын деле бары менен жогу бирдей. Жаңы дайындалгандар иштин маңызын мындай кой,эмне кылып жаткандыктарын түшүндүруп бере алышпайт экен.

"Директордун орун басарлык кызматына жап-жаш,эч нерсени түшүнбөгөн балдар келди. Ар бир үч ай сайын орун басарлар алмашып турат",-дейт аноним.

Туура эмес кадр саясатын Маркетинг жана реклама бөлүмүнө Мир кызы Кыялдын дайындалышын айтсак болот.

«Келген күнү эле ал Мамлекеттик каттоо кызматындагы чоң адамдар коргоп тураарын айткан. Жетекчилер менен үнүн катуу чыгарып сүйлөшөт. Өзү тууралуу эч нерсе деп айткан эмес. Ашканага ээлик кылып, үйүндө отуруп, Мамлекеттик каттоо кызматынан айлык алчу экен,-дейт ал.

Шефке тийбегиле

«Кыргыз Почтасын» азыр мурда директордун орун басары болуп турган Марс Наспеков тейлейт. Анонимдик окурмандын айтымында ал иш бөлмөсүндө өзүнүн бизнесине байланыштуу маселелерди чечет.  

"Кол астындагыларга ал бир нече жолу мага баары бир. Тийишпесе эле болду деп айткан", - дейт аноним.

Жер-жерлердеги коррупция

"Адам келип жумушка кирет. Анан ошол бойдон жоголот. Айлыгы бухгалтердин жана жетекчинин чөнтөгүнө түшө берет. Айлык 15 000 сом болсо, салыктарды кармап калганда 12 000 калат. Аны жүзгө көбөйтсөк, ай сайын 1,2 млн сом болот.”

Ал эми бул жакта эмгектенип жаткандардын деле бары менен жогу бирдей. Жаңы дайындалгандар иштин маңызын мындай кой,эмне кылып жаткандыктарын түшүндүруп бере алышпайт экен.

"Директордун орун басарлык кызматына жап-жаш,эч нерсени түшүнбөгөн балдар келди. Ар бир үч ай сайын орун басарлар алмашып турат", - дейт аноним.

Туура эмес кадр саясатын Маркетинг жана реклама бөлүмүнө Мир кызы Кыялдын дайындалышын айтсак болот.

«Келген күнү эле ал Мамлекеттик каттоо кызматындагы чоң адамдар коргоп тураарын айткан. Жетекчилер менен үнүн катуу чыгарып сүйлөшөт. Өзү тууралуу эч нерсе деп айткан эмес. Ашканага ээлик кылып, үйүндө отуруп, Мамлекеттик каттоо кызматынан айлык алчу экен,-дейт ал.

«Кыргыз Почтасынын» жообу

Мамлекеттик ишкананын басма-сөз кызматы анонимдик булактын маалыматын чагымчылдык деп атады. Ишкананын пиар-менеджери Назгуль Раимкулова Vesti.kg сайтына маек куруп, автор  мурдагы кесиптеши экенин айтты.  

- Жаңы жетекчи бул адамдын ишине нааразы болуп, кызматтан кетирген. Өч алуу максатында Facebook баракчасына көп нерселерди жазды. "Кыргыз почтасынын" жетекчилиги айтылган сөздөрдүн жалган же чын экендигин аныкташ үчүн биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган. Бирок ал көнгөн эмес.  

Раимкулова мурдагы кызматкер интернетте “Кыргыз почтасы” деген баракча иштетип жаткандыгын кошумчалады. Көптөгөн ой-пикирлерди ал ошол жактан алган. Жумуштан кеткенден кийин баракчаны өчүрүүнү суранганда, Фейсбуктун эрежелерине шылтап, өчүрбөй жаткан. Бирок 1-майда суранычты аткарды дейт.-ал.

Ольга Федорчук
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх