Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдагы авария боюнча чечим аткарылбаса премьер-министр отставкага кетиши мүмкүн

Депутаттар келээрки жумада жылуулук борбору тууралуу жаңжалга байланыштуу дагы жаңы адамдардын аттары аталат дешет

Парламенттин Бишкек ЖЭБ авариясы тууралуу депутаттык комиссиясынын отчёту тууралуу чечими тийешелүү органдардын милдеттүү түрдө аткара турган иши болот . Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына билдирди
 Анын сөзү боюнча Жогорку Кеңештин чечимин укук коргоо органдары аткарууга милдеттүү.

- Алар комплекстүү иш чара жүргүзүшү керек,- дейт ал.  Мисалы АКС, УКМК тергөө жүргүзүшү керек. Прокуратура баарын тыкыр иликтеп чыгышы зарыл. Тергөө ишине кийлигишпейбиз, бирок белгиленген мөөнөттө укук коргоочулар изилдеп, жообун беришин талап кылабыз. Эгерде кылмыш иши бар болсо . далилдешсин. Биз ал жерде кылмыш бар экендигин али билбейбиз, жөн гана коррупциялык кубулуштарды текшерип жатабыз. Ошондуктан тергөө сөзсүз  баарын иликтеш керек.

Ошол эле учурда эл өкүлү укук коргоо органдары Жогорку Кеңештин чечимин аткарбай коё албашы тууралуу да оюн айтты.

- Алар биздин чечимди аткарбай коё алышпайт, эгерде Жогорку Кеңештин чечимин аткарышпаса, анда биз өкмөттү отставкага кетиребиз. Акыры алар деген өкмөттүн бир бөлүгү да, парламент алдында жоопкерчилиги бар.

Депутат Мирлан Жээнчороев буга макул болду.

- Парламент өзүнүн бардык Конституциялык укугун жана көзөмөлдөө функциясын колдонот,- деп билдирет ал Vesti.kg сайтына.

- Арийне, укук коргоочулар бардык кылган жана кылбаган иштерге укуктук баа бериши керек. Өзүңүздөр кечээ күбө болгон депутаттык комиссиянын отчётунда көрсөтүлгөн адамдардын сөздөрүн уктуңуздар. Кээ бирлери мыйзам бузуулар болгонун мойнуна алды. Депутаттар тарабынан эң көп доолор коюлду. Ошолор менен катар депутаттардын өздөрүнүн да жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

- Кечээги отурум бир гана аткаруу бийлиги жоопко тартылбастан, парламент да жооп берээрин көрсөттү. Анткени алар үч окууда көп деталдарды изилдебей туруп эле бул документти ратификациялап берген, - деди эл өкүлү. - Алтургай бул документтин Конституциялык нормаларга каршы келээрин ТИМ да эскерткен жана республикабыздын чыгым болоорун күн мурун айткан.

Бул долбоорду бир эле аткаруучуга берип салуу опурталдуу деген бир канча каттар келген.

Андан сырткары Мирлан Канатбеович кийинки отурумда ЖЭБнун авариясы тууралуу жаңы фамилиялар аталаарын эскертти.

Кийинки Бишкек ЖЭБнун авариясына байланышкан депутаттык комиссиянын отчёту боюнча парламенттик отурум ушул жылдын 16-майына белгиленгендигин эске салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх