Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльмурза Сатыбалдиев: Мен Камчы Көлбаевдин апасын чын жүрөктөн куттуктадым

Мурдагы башкы прокурор “мыйзамдагы ууру” уюштурган тойго баргандыгын жана бул жерден эч кандай жаман нерсе көрбөгөндүгүн айтты

Мурдагы башкы прокурор  Эльмурза Сатыбалдиев  крим төбөл Камчы Көлбаевдин апасынын жетимиш жылдык тоюна барды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Эльмурза Ракиевич бул жерде эч кандай жаман нерсе жок экендигин баса белгиледи. .

- Биринчиден мен кызмат адамы эмесмин. Экинчиден бул таза адамгерчилик мамиле. Мен кимдин тоюна барганым, ким үчүн кызык болуп жатат?-билбейм. Мен Камчы Көлбаев уюштурган тойго барып, апасын чын жүрөктөн куттуктадым. Бул жерде эч кандай жаман нерсе көргөнүм жок,-деди ал.

Бирок мурдагы башкы прокурор тойго дагы кайсы саясатчылар баргандыгын айтпай койду.

-Мен өзүм үчүн гана жооп берем,-деди Сатыбалдиев.

«Ачык саясат плюс» гезитинин жазганына таянсак Камчы Көлбаевдин апасынын туулган күнүнө Акылбек Жапаров баштаган бир нече саясатчы катышкан. Басылма алардын тизмесин кийинки санда жарыялайбыз деп убада кылды.

-Мамлекет башчысы уюшкан кылмыштуулука каршы күрөш жүргүзөм деп жатканда, Акылбек Жапаров сыяктуу депутаттардын кадамын кандай түшүнсөк болот? Бакиевдин бийлиги криминал менен саясат аралашканда кандай опурталдуу болоорун далилдеп кетпеди беле?-деп суроо салат басылма.

Vesti.kg Акылбек Жапаров менен байланышканга аракет кылды. Бирок азырынча жыйынтык жок.  

Бакыт Стамов
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх