Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Казак Навалныйы" менен байланышы үчүн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды

Мурат Тунгишбаев тыюу салынган Муктар Аблязовдун уюму менен кызматташкан деп айыпталууда.

УКМК кызматкерлери 10-май күнү Казакстандын жараны Мурат Тунгишбаев коңшу өлкөдө тыюу салынган  «КДТ» (Казакстандын демократиялык тандоо) уюму менен кызматташкан деп камакка алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Турдукуловдун айтымында Тунгишбаев ага кармалып жаткан жеринен чалган.

- УКМК кызматкерлери Алма-Ата сотунун токтомун окуп беришти. Ошондон улам Тунгишбаев социалдык түйүн аркылуу  маалыматтык кызмат көргөзүп, "КДТ" лидери Муктар Аблязов башында турган топ түзгөн деп айыпталып жатканын билдим. Ага баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга камакка алынды,-дейт Турдукулов.

Ал учурда  Vesti,kg УКМКга кайрылганда, атайын кызмат кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек "КДТ"-бул Казакстанда экстремисттик деп табылган уюм. Аны бозгунда жүргөн  казак саясатчысы, "БТА Банкттын" мурдагы башчысы Муктар Аблязов түзгөн.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх