Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика министрлигинде жаңы орун басар

Автандил Алымбаевди борбордук аппаратка тааныштырышты

Экономика министрлигинин чоң залында мекеменин башчысы Олег Панкратов жана өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев борбордук аппаратка экономика министрлигинин жаңы орун басары Автандил Алымбаевди тааныштырышты.

Бул жарлыкка 15- май 2018- жылы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун  Иманалиев билдирди.

Алымбаев мам.кызматтын экономика, финансы тармагында чоң тажрыйбага ээ. Экономика Министрлигинде экономикалык анализ жана ИДПны прогноздоо бөлүмүндө башчы, макроэкономикалык анализ жана прогноз башкармасында начальниктин орун басары, АПКР эксперт болуп иштеген. 2014-жылдын январынан баштап азыркы учурга чейин Улуттук банктын макроэкономика жана финансылык рыноктун анализи бөлүмүндө начальник болуп иштеген.

 - Ал жетишээрлик эффективдүү жана майнаптуу иштеди, өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө жаңы таянычтарды колдонду,- деди Иманалиев.

Команданын толукталышы менен куттуктайм,-деди Олег Панкратов.
Өз кезегинде Алымбаев да ага ишеним көрсөткөндөрүнө ыраазычылык билдирип, бул ишеничти актоого аракет кылаарын айтты.
 
КР экономика Министрлигинин пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх