Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухтар Аблязов: Кыргызстан Женева конвенциясын бузуп жатат

Казак оппозиционери Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери анын кызматташын кармагандыгы тууралуу айтты

Казакстандын качкын олигархы, "Казакстандын демократиялык тандоосу"  партиясынын лидери Мухтар Аблязов кыргыз бийлигинин анын кызматташы Казакстандын жараны Мурат Тугишбаевди камакка алгандыгы тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Аблязовдун өзү билдирди.

Анын сөзү боюнча, жакында эл аралык коомчулуктун реакциясы болот.

- Эң негизгиси Кыргызстан качкындар тууралуу кол коюлган Женева конвенциясын бузуп жатат,- дейт саясатчы. - Бул конвенция качкындарга карата кандайдыр бир дискриминация болушуна тыюу салат. Андан сырткары качкынды ал качып кеткен өлкөгө кайтарып берүүгө тыюу салат. Ошондуктан бул конвенцияга ылайык, Кыргызстандын бийлиги Тунгишбаевди саясий мотив менен камашы керек эмес болчу. Андан да Казакстанга кайтарып бербеши керек эле.  Кыскасы, биз буга жол бербейбиз. Жакында мен дүйнөлүк коомчулукка чыгам, Кыргызстан менен Казакстан Женева конвенциясын бузгандыгы үчүн басымга дуушар болушат.

Ушул жылдын 10 - майында КР УКМКсы Бишкектен Казакстандын жараны Марат Тунгишбаевди кармашкан. Ал кошуна мамлекетте тыюу салынган «ДВК» уюмуна катышы бар деп шектелген.

"Казакстандын демократиялык тандоосу"  - бул оппозициялык кыймыл жана Казакстанда экстремисттик уюм деп табылган. Аны казакстандык качкын саясатчы жана "БТА-Банктын"  мурунку төрагасы Мухтар Аблязов түзгөн.

10-майдагы Аблязовдун соцсеттеги билдирүүсүнө караганда , Казакстанда «ДВК» мүчөлөрү катышкан митинг болуп өткөн.

10-майдагы митинг өлкөнүн бардык шаарларында болуп өткөн. Сынчылардын айтымында нааразы болгондор анчейин деле көп эмес, полиция жарандарды коркутуп таратып жиберген. Митинг башталаардан бир канча мурун бардык күч органдары митингге катыша тургандарды коркутуп чыккан,-деп жазат Аблязов өзүнүн баракчасына.

Бакыт Стамов
фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх