Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Атамбаевди чакырганга даай алышабы? Чакыра алышат!

Депутаттардын кытай кредитине байланыштуу Атамбаевди күнөөлөшкөндөрүнө Асель Кодуранова уялып атат

Асель Кодуранова кесиптештеринин кылган иштерине уялып жаткандыгын айтат. Өзүнүн мындай каршы пикирин ал парламенттин отурумунда айтты.

- Менин кесиптештерим Алмазбек Атамбаевди баарына күнөөлүү деп атышат, аны чакырганга  даай алышабы?,- деп сурайт ал. Албетте чакыра алышат деп тактайт, - ал.  - Анын бул жерге келип жооп беришине да ишенем,- дейт Кодуранова. - Бирок ал эмнеге күнөөлүү? Анда Сооронбай Жээнбековду да бир кездерде азыркы аткарган  иштери тууралуу күнөөлөшкө туура келет. Мен депутаттардын бул кылгандарынан уялам. Кийин силер менен ким иштешет? Гранттын эсебинен жолдорду куруп жатабыз, Ошто аянтты оңдоп жатабыз. Келгиле обьективдүү бололу. Бул кредитке келишимди ким түзсө ошондон сурабайлыбы?

Өз кезегинде депутат Марат Аманкулов бүгункү отурум эмоционалдуу болуп жаткандыгын айтты.

- Көптөгөн айыптоолор болду, анын ичинде экс-президенттин дарегине да сөздөр айтылды., дейт ал. - Бирок Кытай менен түзүлгөн келишимде эч кандай мыйзам бузуу болгон эместигин баары түшүнуп турат. Биз айыптоолорубуз менен аткаруу бийлигин жарга такап атабыз. Мындан ары алар кантип иштешет ? Өкмөт эми эч кандай келишимдерге кол койбойт.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх