Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков бала кездеги досунун сөзүн калп деди

Мурунку премьер Урмат Акунов менен Нариман Түлеевдин тагдыры тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты

"Нариман Түлеевди коргоо комитетинин"  мурунку башчысы Урмат Акунов таркаткан маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.
 
Бул калп, - деди Сапар Жумакадырович.

Андан да анын Урмат Акунов менен болгон бала кездеги достугу тууралуу сөзүн да жокко чыгарды.

- Биз таанышпыз,- деп кыска гана жооп берди Исаков.

Урмат Акуновдун Vesti.kg сайтына берген билдирүүсүндө анын Сапар Исаков менен болгон бала кездеги достугу жана ошонун аркасы менен ал экс-мэр Нариман Түлеевди бошотуу тууралуу сүйлөшкөндүгүн айткан эле. Сапар Исаковдун бул суроо менен башка кайрылба дегенин да кошумчалаган. Анткени ал "биринчинин" кзөмөлүндө турат деген.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх