Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: шаардыктардын 70% соттордун коррупциясы тууралуу арызданышат

Президент Кыргызстанда сот реформасы сапатсыз жүргүзүлдү деп эсептейт 

Бүгүн Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин отуруму болот.
Бул иш чарага президенттин аппаратынын кызматкерлери, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку соттун жетекчилиги жана өкүлдөрү катышат.

Өзүнүн баш сөзүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сот реформасы - бул Кыргызстандагы эң актуалдуу маселе болуп жаткандыгын белгиледи.
- Кыргызстандыктар мага соттордун коррупциясы тууралуу жан кейиткен фактыларды көп айтышат.
Кайрылган адамдардын арызынын дээрлик 70% ушул маселеге байланыштуу. Акыркы жылдары көп эле нерселер кылынды, бирок сот реформасы элдин үмүтүн актаган жок. Таза сот системасын түзүү зарыл. Коррупция менен күрөш биз үчүн эң маанилүү,- деп белгиледи президент.

Жээнбековдун сөзү боюнча жазык-процессуалдык тармагындагы реформа чыгымдарды талап кылат.

- Бюджетке сот реформасы үчүн атайын каражат бөлүнүш керек. Бекер кылабыз деген менен майнап чыкпайт, буга көп каражат сарпталат,- деди мамлекет башчы.

Ошол эле учурда ал райондор аралык соттун функциясын жергиликтүү сотторго берүү керек деп кошумчалады.

- Жарандар ашыкча чыгым болбошу керек, укугун коргош үчүн жатаканага, жол киреге чыгым болушат !  Азыр биз муну ишке ашыра албайбыз, бирок ушуну ишке ашырууга аракет жасашыбыз керек,- деп эсептейт Сооронбай Шарипович.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх