Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМдин башчысынын мурунку орун басары: TBEA менен болгон келишим туура эмес болгон

Мурунку чиновник парламентте бул маселени талкуулоо кыргыз-кытай мамилесине терс таасирин тийгизээрин айтты

Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги авария жана кытай кредитинин туура пайдаланылышы тууралуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароону улантып жатышат. Отурумдун жүрүшүндө депутат Курманкул Зулушев ТИМдин мурдагы орун басары Аскар Бешимовго депутаттардын кечээги берген суроосуна жооп берүүсүн талап кылды.

- Кечээ биз чиновниктерге суроо берип, жообун ала алган эмеспиз, бирок мен кийинчерээк ТИМдин мурдагы орун басары ММКларга башкача маалымат бергенин билдим. Азыр ошону өз оозунан угушту каалайт элем,- деди эл өкүлү.

Бешимов өз кезегинде, ЖЭБди  модернизациялоодо  TBEA компаниясынын катышы бар экенин талкуулай берсе Кытай менен Кыргызстандын мамилеси бузулаарын айтты.

- Эки тараптуу келишим официалдуу түрдө болгон. Бул талкуулоолор эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизип коюшу мүмкүн, анын үстүнө мамлекет башчыбыз жакында Кытайга жумуш сапары менен барганы жатат. Кечээ мурунку премьер-министр деле айтпадыбы, КЭР дин элчиси бул талкуулоого нааразы болуп жатыптыр.

Бешимовдун сөзү боюнча, "кырдаал боштукка айланган"  учурда нааразычылык билдирет.

- Мен өзүм элчи болгом, мындай кырдаалды боштук деп атайт, - деди ал. - Коомдо, ММКда, мам.органдарда мындай сөздөр болгон учурда элчи эки айча эчтеке деп ооз ачпайт. Анан өзүнүн башкармасы менен байланышып туруп нааразычылык билдирет.

Андан сырткары тышкы иштер министринин орун басары  TBEA менен болгон келишим туура эмес болгондугун айтты.

- Мен дагы бир жолу толук жоопкерчилик менен айтам, келишим туура эмес болгон. Бул жөн гана менин оюм эмес. Мен кытай бөлүмүнүн юристтерин да чакырдым. Ал жерде эки кат болгон, бири министрге кызматтык кат, экинчи кат Энергетика Министрине эле.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх