Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

TBEA менен болгон келишимге шашылыш кол коюу шек жаратат

Депутат Салайдин Айдаров ири долбоорлор тууралуу келишимдер бир нече жылдап созулуп анан кабыл алынчу дейт

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кредит алуу келишими тууралуу чечим кыска мөөнөттө кабыл алынган. Бул тууралуу Салайдин Айдаров Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

- Мен бул келишимдин мөөнөтүнө токтолушту каалайт элем,- деди депутат. - Башка өлкөлөрдө мындай маселелер бир нече жылдап чечилет. Мындай чоң долбоорлорго смета түзүлөт, жабдуулардын баалары талкууланат, техника жана башка нерселер. Мынчалык тез чечим кабыл алынгандыгы түшүнуксүз.

Энергетиканын мурдагы министри  Осмонбек Артыкбаев өз кезегинде жылуулук борборун модернизациялоо 2009-жылы эле каралгандыгын белгиледи.

- Талкуулоо 2009-жылы башталган, меморандум түзүп жана  TBEA компаниясын туура келет деп тапканбыз,- деп жооп берди Артыкбаев.

Андан сырткары Салайдин Айдаров эмне үчүн техникалык көзөмөл кытай тарапка берилип калгандыгына кызыкты.

- Дүйнөлүк тажрыйбада техникалык көзөмөл кылуу буйрутма берген жакта болот, силер эмне үчүн Кытайга бердиңер? - деп сурады депутат.

Артыкбаевдин сөзү боюнча тезкөзөмөл контрактка ылайыктуу жүргүзүлгөн.

- Талап ушундай болгон. Контракт боюнча алар курулушту аякташмак, обьектти ишке киргизип, андан кийин тейлөөнү жана көзөмөлдү кылышмак,- деп маалымдады Минэнергонун мурунку башчысы.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх