Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Спикер менен депутат айтышып кетти

Төрага Рыскелди Момбековду бир аз өзүн кармоого чакырды

Депутаттар Бишкек ЖЭБге бөлүнгөн кредитти туура пайдалануу маселесин талкуулап жатып тартыша кетишти.

Депутат Рыскелди Момбеков ТИМдин башчысынын  мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун сөзүн сындады

- Биз буларды эмнеге эксперт катары колдонуп атабыз ? Булар бизге кантип жашашты үйрөтөбү ? - деди Момбеков. - Алар иштен кеткен го. Эмнеге аларды чакырдыңар ? ЖЭБ боюнча канча күндөн бери талкуу кылабыз, эч нерсе чечилген жок.

Ачууланган кесиптешине жооп кылып, спикер Дастан Жумабеков катышып отургандарды сыйлоосун талап кылды.

- Рыскелди Чыныбекович, кесиптештеиңизди сыйлаңыз, ал депутат суроо бергени үчүн жооп берип жатат. Анан да депутаттардын баары министрлер катышсын деп макул болушкан. Эмоцияга алдырбаңыз, - деп жооп берди спикер.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх