Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров азыркы президентке болушту

Депутат коллегаларын ЖЭБдеги аварияны саясатташтырып жана бул жаңжалга Сооронбай Жээнбековду аралаштырбоого чакырды

Ким ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү болсо соттун чечиминен кийин айтышсын, бул тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканда айтпастан, деген оюн Акылбек Жапаров парламенттик талкууда айтты.

- ЖЭБдеги авариянын себебин өзүнчө бөлүп караш керек. Биз бала кезден бери эле чайнектин кайнаганын билээрден мурда, анда сунун бар же жок экендигин карап көрөбүз. Ал эми ЖЭБде болсо андай болбой жатат. Элдер ал ишке шалакылык кылды, күнөөлүүлөрдү жазага тарталы. Бул маселени саясатташтырбайлы жана бул ишке азыркы президентти аралаштырбайлы.

Андан сырткары , укук коргоо органдары сентябрга чейин күнөөлүүлөрдү атабаса, анда ички иштер органдарына жана парламентке болгон элдин ишеними жоголот.

- Депутаттык комиссиянын айтымында, үч айдын ичинде күнөөлүүлөр аныкталат,- деп сөзүн улады эл өкүлү. - Эгерде күзгө чейин күнөөлүүлөр жазасын албаса, элдер бизге ишенбей калат деп ойлойм. Дагы бир эсиңиздерге салып койчу нерсе, шектүүнү биринчи кайтарууга алып, күнөөсү бар жогун анан териштирет. Сот күнөөлүү деп тапса анан камакка  алуу туура болмок.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх