Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Биз эки күндөн бир эле суроону кайталап жатабыз

Депутат ЖЭБдеги авария боюнча комиссиянын корутундусун талкуулоону сунуштады

ЖЭБди модернизациялоодо коррупция болгон же болбогондугун укук коргоо органдары териштирет, парламент териштирбейт. Бул тууралуу Дастан Бекешев ЖК отурумунда айтты.

Депутат комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоого өтүүнү сунуштады.

- Биз кечээги эле суроолорду кайталай баштадык, азыр модернизациялоо ишинде баалар жогорулатылгандыгы айдан ачык болду. Ал эми сүйлөшүүлөрдө коррупция болгонбу же жокпу аны териштирүүнү ички иштер органдарына берели. Коррупция боюнча кылмыш ишин козгошту. Бул маселени токтотуп, талкууга өтүүнү сунуштайм.

Эл өкүлүнүн сунушун 75 депутат колдоду. Андан сырткары депутаттык комиссиянын корутундусунда так жооп жок деп кошумчалады.
 
- Комиссиянын максаты Бишкек ЖЭБдеги авариянын себебин билүү жана модернизацияга бөлүнгөн акча  рационалдуу иштетилгенин текшерүү болчу. Бирок корутундуда буга так жооп жок, - деп бутүрдү эл өкүлү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх