Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков чиновниктерге акылмандын сөзүн эскертти

Президент сот реформасы анын жеке көзөмөлүндө болоорун түшүндүрдү

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү КР президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин отурумунда чогулгандарга Калыгул олуянын «Акыйкат болуу өргө тартат, пейли тарлык көргө тартат» деген сөзүн эстерине салды.

- Сот - бул элдер адилеттик издеген акыркы инстанция, соттор өз абийири жана Кудай алдында таза болушу керек, - деди мамлекет башчы.

Реформаны ишке ашырчу мамлекеттик органдар бирдей ритмде, бирдей багытта иш алып баруусу зарыл. Реформанын  жүрушүндө такай мониторинг кылып туруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт.  Анын курамына Кеңештин бардык мүчөлөрү кирет.

Жээнбеков өкмөт жана Жогорку сот бардык айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуулары керек,- деди. Өкмөттү тийешелүү мыйзам долбоорлорун тездетип, парламенттин кароосуна коюуга чакырды.

«Сот системасындагы өзгөрүү коомдун өзгөрүшүнө алып келет, биздин өнүгүүбүзгө тоскоол болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана биздин өлкө алдыга жылат. Сот реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот», - деп белгиледи президент.

Президенттин саясий маалымат бөлүмү
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх