Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев Жээнбеков убада кылган «Кыргыз Республикасынын баатырын» ала элекпи?

Президенттин аппараты сыйлыкты тапшыруу тууралуу «өйдө» жактан ишаарат боло электигин айтышат

Сооронбай Жээнбеков тарабынан убада кылынган «Кыргыз Республикасынын баатыры» жогорку баскычтагы сыйлыкты Алмазбек Атамбаев азыр деле ала элек.
Бул маалыматты  Vesti.kg сайтына президенттин аппаратынан билдиришти. Алардын айтымында «өйдө» жактан көрсөтмө түшө элек.

- Демейде мындай сыйлыкты салтанаттуу түрдө тапшырчу,- дейт мамлекет башчынын аппаратындагылар. - Бул сыйлык тууралуу эч кандай көрсөтмө болбогондугуна байланыштуу, ал дагы эле бизде турат.

2017-жылдын 27- ноябрында Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкендеги биринчи жарлыгы болуп экс-президент Алмазбек Атамбаевге жогорку баскычтагы "Кыргыз Республикасынын баатыры"  наамын ыйгаруу эсептелгендигин эсиңиздерге салабыз. Бул наамдын номинанттары бүркүттүн элеси түшүрүлгөн алтын жылдыздуу "Ак - Шумкар"  атайын белгиси менен сыйланат.
 
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх