Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов аларды ЖЭБ боюнча чечим кабыл алууда шаштырышканын эстеди

Эксперттердин айтымында, мурунку чакырылыштагы депутаттар бул чоң сумманын үчтөн бири гана ЖЭБди модернизациялоого жумшалаарын башында эле билишкен

Эгерде депутаттар ЖЭБди модернизациялоого акчанын үчтөн бири кетээрин билген болушса, анда Кытай кредити боюнча сүйлөшүү башкача болмок. Феликс Кулов  Vesti.kg сайтына бул божомолдорун билдирди.

- Мен кредиттик келишимди ратификациялоого катышкан эмесмин, бирок документтерди көргөм. Менин билишимче депутаттарга жылуулук борборунун бир гана бөлүгүн реконструкциялашаарын айтышкан эмес. Бизге жөн гана кубаттуулугун арттыруу үчүн ремонтко акча керек деп гана айтышкан. Биз ошондо россиялык казанагрегаттар боюнча заводуна суроо салганбыз. Жооп келгенде,  парламент россиялыктардын эскертүүсүн эске алууну суранды. Ушул нерсе гана талкууланган.

Андан сырткары, Феликс Шаршенбаевич келишимди ратификациялоону өкмөт депутаттардан шаштырып талап кылгандыгын да эстеди.

- Маселе кезексиз тартипте каралган. Бирок Жогорку Кеңеште адистер отурбайт да, алар бизге кычкачты 600 доллардан сатып алышаарын айтышкан эмес. Кытай тарап ТВЕА компаниясын сунуштаганы чын, биз бул компаниянын мындай обьектилерде тажрыйбасынын жоктугунан чочулаганбыз. Кийинчерээк Кытайга депутаттардын делегациясы барды. Алар карап көрүп, бул жакшы ишкана экен дешти. Албетте, эгерде биз алардын ЖЭБдин баарын ремонт кылышпасын билгенде кеп башкача болмок.
Кандай сумма бөлүнгөнү эмес, канча иш бүткөндүгү маанилүү. Акчаны кандай пайдалангандыктарын текшерүү керек.

Өз кезегинде көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев, тескерисинче, парламенттегилер бул иштин илик жилигине чейин билген деп эсептейт.

- Бул болгон ишке кыргыз тарап гана күнөөлүү,- деди ал Vesti.kg. сайты менен кылган маегинде. - Эки мамлекеттин келишимин ратификациялашты. Биздин парламент бул документти конституцияны жана регламентти бузуп, бир күндө үч окууда карашты. Себеби биринчи окуу менен экинчинин ортосунда 15 күн өтүшү керек эле.Жогорку Кеңеште дароо эле 24 казандын 8и, башкача айтканда үчтөн бири оңдолот деп эле айтылган. Эми болсо Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаев өздөрүнөн башкалардын баарын күнөөлүү деп атышат. Депутаттар болсо күнөөнү өкмөт менен президенттин аппаратына оодарып атышат. Баары күнөөлүү. Жоопкерчиликсиз кылмыш үчүн Кыргызстан жазаланды.

Парламенттеги ЖЭБдин иши боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча отурумда Исхак Пирматов депутаттар ЖЭБдин толук ремонт болбой тургандыгын билишкен эмес деп айткандыгын эсиңиздерге салабыз.

«Эгерде ошондо өкмөт болгон чындыкты айтканда, азыркыдай иш болмок эмес. Биз анда жаңы ЖЭБ курулат деп укканбыз. Мен стенограмманы көтөрдүм. Авариядан кийин ЖЭБдин 30% ремонт болгону белгилүү болду»,- деп билдирди депутат ММКларга.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх