Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урмат Акунов: Сапар Исаков аялы экөө меникинде 12 күн бекинип жатышкан

Жарандык активист мурунку премьер тууралуу окуяларды айтып берет

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен "Нариман Түлеевди коргоо комитетинин"  мурунку башчысы Урмат Акуновдун ортосундагы  билдирүүлөр уланат.

Бул жолкусунда Урмат Акунов өзүнүн Сапар Исаков менен болгон достугунун тагыраак далилин келтирди. Сапар Жумакадыровичтин жакын досу болом деген адам коомчулукка анын жеке жашоосунан үзүндү алып чыкты.

Vesti.kg сайты менен болгон маекте Акунов менен Сапар Исаковдун достугу студенттик жылдардан  башталат.

- Ал кезде Сапар университетте жаш окутуучу болчу, а мен болсо ошол убакта көмүр сатып бизнес кылчумун,- деп сөзун баштады аңгемелешим. - Мен анын үйүнө көп жолу көмүр жеткиргем, ошентип экөөбүз тааныш болуп калганбыз. Мамиле кыла баштадык. Ал меникине тез тез мейманчылыкка келип турчу. Мен ал кезде Ростовская көчөсүндө турчумун. Бизнес кылганыма байланыштуу менин убактым аз болчу, ал эми Сапарда болсо убакыт көп болчу. Ошондуктан ал көбүнчө мага келчү.

Акунов ошол учурдан баштап,  Сапар Исаковдун алгачкы коомдук ишмердүүлүгүнө ар түрдүү жардамдарды бере баштайт.

- Ал мамлекеттик эмес уюм ачканда мен ага колумдан келишинче жардам бергем,- дейт активист. Андан сырткары, мен ага бизнес проекттерди сатуу менен алектенген «SIFE МУК» студенттик командасын түзгөнгө жардам бердим. Мен анын акча, транспорт жана башка чыгымдарын көтөрүп берчүмүн. Экөө бактылуу жана кайгылуу учурларды тең бөлүшкөндүгүн айтат Акунов.

 - Ал чоң энеси өлгөндө да мага жардам сурап кайрылган. Мен ошол учурда анын жанында акырына чейин болуп, бардык чыгымдарын көтөргөм.
Мугалимдик айлыгы аз эле болчу, ошондуктан ал мага жардам сурап кайрылчу. Биздин канчалык жакын болгондугубуздун дагы бир далили, ал азыркы аялы Маликага үйлөнөйүн дегенде атасы каршы болгон. Сапар таарынып, Малика экөө менин Ростовская 17 деги үйүмө келишип 12 күн жашашкан. Кийин дагы бир жолу келип, анда 5 күн жашашкан.
 
Кыскасы мен Сапардын атасы менен сүйлөшүп, булардын никесине макулдугун алып бердим. Маликанын атасы да каршы болгон бул никеге, мен аны менен да сүйлөшкөм. Уйлөнүү тоюна да жардам бердим. Тойго эт, боорсок менин үйүмдө даярдалды.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Сапар Исаков мурунку айтылган Урматбек Акуновдун сөздөрүн жалган дегендигин эсиңиздерге салабыз.

Андан сырткары Исаков Vesti.kg сайтына Акунов анын досу эмес экендигин жөн эле тааныш экендигин айткан болчу.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх