Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гульнара-Клара-Саматтын россиялык паспорту жасалмабы?

БШКнын башчысынын орун басары депутатка тийешелүү делген документтин сүрөтү тууралуу комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара-Клара-Саматта Россия жарандыгы барбы? Интернет колдонуучулар депутатка тийешелүү анын сүрөтү бар паспортту жарыя кылуу менен суроо салышты.



Vesti.kg сайты комментарий алуу үчүн БШКга  кайрылды. Алар болсо жакында эле депутаттыкка кандидат Гульнара-Клара-Саматтын россиялык жарандыгы жок деп жар салган болчу.

Vesti.kg сайты менен болгон маекте БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов депутатта РФ жарандыгы жок экендигин дагы бир жолу тактап айтты.
 Анын сөзү боюнча, Гульнара-Клара-Саматтын сүрөтү чапталган паспорт жасалма.

 - Биринчиден,  биз Кыргызстан менен Россиянын атайын кызматтарынан Гульнара-клара-Саматтын РФ жарандыгы жок деген официалдуу билдирүү алганбыз,- дейт ал. - Экинчиден, сүрөткө жакшылап караш керек. Паспорттун сүрөтүнө да ушинтип түшөбү ? Бул менин жеке оюм. Бул сүрөттө депутат күлүп түшкөн. Эч кайсы паспорт стол муну кабыл албайт. Бул үчүн атайын стандарттар бар.

Мындан мурдараак БШК россиялык атайын кызматтарга Гульнара-Клара-Саматтын РФ жарандыгы барбы деген суроо жөнөткөн. Жарандыгы такталбаган соң ал  Аида Салянованын ордуна депутаттык мандат алгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх