Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тагдыр чечүүчү чечим кабыл алынаарда спикер депутаттарды адаштырдыбы?

Дастан Бекешевдин айтымында, Жогорку Кеңештин ЖЭБдеги аварияны иликтөө отурумунда добуш берүү таза болгон жок, көпчүлүгү эмнеге добушун бергенин түшүнгөн да жок

Бул тууралуу оюн ал фейсбук баракчасына жазган. «Демейде депутаттардын сунушун спикер стенограммага киргизип анан добушка коёт, - дейт депутат. Мисалы 2018-жылдын февраль айында ЖЭБде авария болгондо ушундай болгон. биз ар бир окулган сунушка добуш бергенбиз. Бирок кечээ башкача болду. Мен муну атайын болду деп ойлойм».

Мен Дастан Жумабековдон сунушту биринчи окуңуз анан кийин гана добушка коюңуз деп сурандым дейт Бекешев. Бирок ал депутаттардын сунушу компьютерде бар деп туруп эле дароо добушка коё баштады.

«Мен чечим кабыл алынгандан кийин гана билдим эмне сунуш болгонун, - дейт ал. - Добуш берип жатканда кээ бир кесиптештер эмне сунуш экендигин сурап жатышты, а бул деген сунушту баары эле түшүнө бербегендигин кабарлайт. Каныбек Иманалиевдин Сапар Исаковду жоопко тартуу тууралуу сунушу өттү. Бирок буга чейин кесиптештер корутундуну укук коргоо органдарына беребиз жана ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экендигин аныктабайбыз дешкен эле.  Башкача айтканда үч күн бою депутаттар органдар күнөөлүүнү тапсын деп атып, акырында эч кандай далилсиз эле биз таап калдык».

Исхак Масалиевдин экс-президенттен кол тийбестикти алуу тууралуу сунушун добушка коюу да Дастан Бекешевдин нааразылыгын жаратты.

- Бул тапшырма берүүчү пункт: мыйзам чыгаруу демилгеси өтөбү?

Мыйзам долбоору баары бир комитет аркылуу эмес депутаттар аркылуу демилгеленет.

Андан сырткары Дастан Далабаевичти бир факт өкүндүрдү, ЖЭБди модернизациялоодогу чыгымдарга эл аралык аудит жүргүзүү сунушун парламент кабыл алган жок.

«Биздин ички аудиттер жана укук коргоо органдарынын берген баасы саясий тирештердин айынан туура эмес болуп калышы күтүлөт, - дейт ал. - Ал жерде ким коррупционер болсо да жоопко тартылышы керек.

Өзүнун постунда депутат жогорудагы отурумдун кээ бир учурларын эсептейт.

"Мен  ЖЭБдин экс-директору баланска киргизген товарларды көрсөтүп атсам, менин кесиптештерим көргүлөрү келбей башкача иш кылып атышат. Бишкекти кышында суукка тоңдурган адамдын оюн угуп жатышат. Кээ бир депутаттар ага жан сакчы берүү керек деп чыгышты. Кээ бирлери болсо ЖЭБдин мурунку башчысынын аркасы менен кычкачтар тууралуу билдик дешет. Ооба бул ушундай.

Бирок ал эмнеге унчукпай ошол сааттуу кычкачтарды баланска киргизген да, авариядан кийин гана кыйкырып жатат? "

Кээ бир депутаттарга вотсап аркылуу белгисиз номерден ЖЭБ тууралуу матералдарды жөнөтүп жатат, эмнени сураш керек экендигин жана кайсы жерлерге көңүл бурууларын үйрөтүп жатат. Бул активист кылаарга иши жоктугунан депутаттардын номерлерин алып  36 файлды жөнөтүптүрбү?

Эмне үчүн спикер депутаттардын сунушун окугусу келген жок, отурумдун бүтүшүнө жарым саат убакыт бар болчу го.

Экс-президенттин коол тийбестигин алуу тууралуу демилгеден эч кандай туура эмес нерсени көргөн жокмун деди Ирина Юрьевна.

- Кол тийбестикти азыркы иштеп жаткан депутаттардан да алып салса болот. Бирок саясий орду белгилүү бир кыйынчылыктарды түзөт. Эгер бир саясаттагы кишиге, же бир кылмыш дүйнөсүнүн адамына карата коомчулукка пикир айтсаң , коркута башташат. Ошондуктан депутаттарга кол тийбестик керек, антпесе депутаттар трибунадан үдөрүн бийик чыгарып сүйлөй албай калышат. Ал эми экс - президенттин кол тийбестигин алып салуу, кийин  баарына жооп берип калышаарын  эстерине салат.
 
Вероника Малышева
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх