Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев 33 жыл документсиз жашаган жаранга паспорт тапшырды

Ал УКМКнын төрагасына жардам сурап видео кайрылуу жасаган

Бүгүн, 6-апрелде Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Максим Чернышовго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды. Кайрылган киши үй-бүлөлүк шартына жана учурдагы турмуштук абалына байланыштуу документтерин ала алган эмес, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

16-мартта Чернышов УКМКнын төрагасына видео кайрылуу жазып, анда Кыргызстандын улуттук паспортун документтештирүүгө кыргыз тилинде жардам сураган. 1990-жылы биологиялык ата-энеси Максимди Октябрь балдар үйүнө таштап кеткен. Үч күндөн кийин аны Алексей Чернышов (1994-жылы каза болгон) жана Татьяна Чернышова (2020-жылы каза болгон) багып алышкан. Максимдин айтымында, ал документ алуу үчүн бийлик органдарына бир нече жолу кайрылган, бирок Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон ата-энелердин жана баштапкы документтеринин жоктугунан паспорт алуу аракеттеринин бардыгынан майнап чыккан эмес.

Бирок 33 жаштагы Максим Чернышовдун кайрылуусунан кийин алгачкы документтер калыбына келтирилип, буга ылайык ага ID-карта жана паспорт тапшырылды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх