Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши козголдубу?

Кээ бир маалыматтар боюнча ал TBEA грантын туура эмес колдонгону үчүн айыпталат

Кечээ экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун үйүн тинтүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Такталбаган маалыматтарага караганда, муниципалитеттин мурунку башчысы  TBEA кытай компаниясынын мектептин курулушуна деген грант акчасын туура эмес пайдаланганы үчүн айыпталууда.

Ал арада Vesti.kg сайты УКМКнын пресс-кызматына комментарий үчүн кайрылганда, бул маалыматты четке каккан да , тактаган да жок.

- Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат , - деп гана кыска жооп беришти улуттук коопсуздук комитетиндегилер.

Ал эми Кубанычбек Кулматовдун өзү болсо Vesti.kg сайтына бул суроо тууралуу кийинчерээк жооп берем деди.

Мындан мурдараак Кубанычбек Кулматовду мектеп курулушуна деген 2 миллион доллар кытай гранты тууралуу УКМК суракка чакыргандыгын эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх