Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовго официалдуу түрдө күнөө коюлду

Иликтөөлөргө караганда, Бишкектин экс-мэри суммасы 2 миллион доллар болгон гранттык каражатты максатка ылайыксыз пайдаланган

18-майда Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго УКМКнын мамлекеттик тергөө башкармалыгы КР КК 303-беренеси боюнча айып такты (Коррупция). 2014-жылы Кулматов Бишкектин мэри болуп турган чакта 2 миллион доллар грант каражатын максатсыз пайдаланган. Ал акчалар кытайдын TBEA компаниясынан «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» алкагында алынып, Калыс - Ордо жилмассивиндеги мектепти куруу зарылчылыгы менен мэрияга бөлүнгөн болчу. Кулматов конкурссуз  «Альто Групп» жоопкерчилиги чектелген коомдун башчысы менен келишим түзүп, кытай компаниясынан бул аталган жеке компаниянын эсебине 1 миллион доллар котортууга жетишкен. Ошондой эле шаардык бюджеттен Калыс - Ордо мектебин бүтүрүүгө 100 миллион сом бөлүнгөн.

Азыркы учурда ал жеке компаниянын жетекчилеринин бирөө кармалып, КР УКМК СИЗОсуна киргизилген.

Кулматовдун, мэриянын жетекчилеринин жана ошол жеке компаниянын жетекчилеринин жашаган даректери боюнча санкцияланган тинтүү иштери болуп жатат.
 
УКМКнын пресс-борбору
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх