Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акунов: Бакиевдерге каршы чыкпа, аларда чоң күч бар деп суранган Сапар Исаков

Саясат досторду кантип баррикаданын эки жагына бөлгөнү тууралуу сөз

"Нариман Түлеевди коргоо комитетинин"  мурунку башчысы Урматбек Акунов экс-премьер Сапар Исаков менен болгон достугун эскерүүнү улантат. Бул жолу ал  Vesti.kg сайтына мурунку премьер экөөнүн мамилесинин ортосуна кантип жарака кеткендигин баяндайт.

Активисттин сөзү боюнча, экөөнүн каршылашып калышына саясатка киришип калуулары себеп болгон.

- 2007 -жылы менин атам Бектемир Акунов бакиевдик режимдин айынан каза болгон соң, мен саясатка кеттим,-деп сөзүн баштады ал. - Ошол кезде Сапар Бакиевдерге кызмат кылып, Максим менен достошкон. Мен ал кезде оппозицияди болчумун, Бакиевдердин кланына активдүү каршылык кылып, митингдерге катышып жүргөм. Сапар ошондо менден эмнеге аларга каршы чыгып жүргөндүгүмдү сурады. Аларда чоң күч бар экендигин айтты. Бирок мен атамдын арбагын сата албайм деп жооп бердим. Андан кийин революция болуп, ал Атамбаевге иштей баштады. Бул мезгилде мен кайрадан оппозицияда болуп калдым. Сапар мага мурунку сөзүн кайталады. Мен ага кайрадан Бакиевдин тушундагы айткан сөздөрүмдү эсине салдым. Бирок акыйкаттык орун алып, биз аларды кууп чыктык.

Бирок ошентсе да биз дос бойдон калдык, дейт менин аңгемелешим.

- Мен Садыр Жапаровду колдоп митингде жүргөндө Сапар мага телефон чалып, аны колдобошумду эскертти, - деп кебин андан ары улады Акунов. - Мен ага бул жерде Жапаровду эмес, анын Кумтөр боюнча позициясын колдоп чыктым дедим. Ал мага Атамбаевге атайын кызматтын өкүлдөрү кирип кетишкендигин, мени эмне кылалы деп сурап жатышкандыктарын эскертти. Аларга президент Акуновго тийбегиле деп айтыптыр. Сапардын сөзү боюнча президент мага айкөлдүк кылыптыр, мен аны баалашым керек экен. Мен ага кылган иштерим үчүн жооп берүүгө даяр экендигимди айттым.

- Кийин мен силерге айтып бергендей,  Нариман Түлеевдин тагдыры боюнча Сапар Исаковго кирдим,- деп эскерет ал. - Ал, силер билгендей эле менин өтүнүчүмдөн баш тартты. Ал "биринчинин жеке көзөмөлүндө"  турат деп айтты. Эми болсо Сапар танып атат, бирок мен беттешкенге даярмын. Достор экөөбүз алардын көзүнчө чыгып жоолугушушубузду сунушташты. Бирок Сапар ар нерсени шылтоолоп, бул жоолугушуудан качып атат.

Бакыт Стамов
Фото www

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх