Алмазбек Атамбаев ЖЭБдеги кырдаал боюнча үндөбөй койбошу керек, деп эсептейт Темир Сариев
Мурунку өкмөт башчы экс-президентке өзүнүн кишилери үчүн түшүндүрмө беришине кеңеш берди
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБдеги кырдаал боюнча официалдуу билдирүү жасашы керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын сөзү боюнча, мурунку мамлекет башчы өзүнүн адамдары үчүн кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик тартышы керек.
- Тигине, парламентте шылдың кылып башташты: «жегендер кутулуп, жебегендер тутулуп»,- деди ал. Мен муну Атамбаевдин кандайдыр бир билдирүү жасап коюшу үчүн айтып жатам. Кандай болгонун, эмне болгонун айтып койсун. Күнөөсүз адамдар жана алардын үй бүлөлөрү жабыр тартып атат. Мисалы, Айбек Калиев жаш жана келечеги бар кадр. Мен аны коргобойм. Сот териштирсин күнөөсүн. Бирок бул жерде бир нерсе туура эмес болуп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде «Улуттук энергохолдинг компаниясынын» мурунку башчысын коррупция боюнча күнөөлөп камакка алышкан. Ал «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» алкагында факт боюнча кылмыш иши козголуп кармалгандыгын эсиңиздерге салабыз.
Бакыт Стамов
фото www