Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовго чек арадан чыкпоо тууралуу чара көрүлдү

Учурда Бишкектин экс-мэри УКМКда суракта отурат

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго чек арадан чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы көрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg УКМКнын пресс-катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Ал арада кээ бир ММКлар Кулматов сурак учурунда камакка алынды деп жазып жиберишти. Улуттук коопсуздук комитети бул маалыматты четке какты.

- Камакка алыша элек, учурда ал сурак берип жатат. Ал эми чек арадан чыгарбоо тууралуу баш коргоо чарасы мурунку суракта эле көрүлгөн,- деди Сулайманов.

Бишкектин экс-мэрине Баш прокуратура тарабынан КР КК 303-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2014-жылы Кулматов Бишкектин мэри болуп турганда, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо"  долбооруна деп алынган кытай кредитинен,   мектеп курулушуна бөлдүргөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх