Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттук отурумду видеодон көрсөтүп коюу - бул маселени чечүү эмес

Юристтер Сооронбай Жээнбековдун соттук процессти видеого тартуу сунушу тандалып эмес, бардык процесстерде болсун дешти

Сооронбай Жээнбеков сот реформасы Кеңешинин отурумунда сот процесстерин электрондук протоколдоо жана видеого тартууну сунуштады.

Бул азыр тандалып кылынып атат деп белгиледи мамлекет башчы.

Юристтер президенттин идеясына болгон өздөрүнүн ойлорун Vesti.kg айтышты. Мисалы мурунку баш прокурордун орун басары, юстициянын отставкадагы генерал-майору Кубатбек Кожоналиев азыр сотто процесстин видеого тартылыш тартылбашын сот чечет деп билдирди. Аудио жазуу болсо бардык эле соттордо жүргүзүлөт.

- Менин оюмча Сооронбай Жээнбековдун сунушу бир гана ачык сотторго тийешелүү болсо керек,- деди ал Vesti.kg сайтына. Сот процесстериндеги видеого тартуу кеңири таркалса, коррупциялык иштердин алдын алат. Бул бирден бир коррупция менен күрөшүүнүн жолу болуп калат,- деп эсептейт ал.

- Мен дайыма сотто негизги нерсе-бул ачыктык жана тазалык деп айтчумун,- дейт Кожоналиев. - Бүгүн бул сөз  актуалдуулугун жогото элек.

Адвокат Таалагүл Токтакунова экс- баш прокурордун орун басары менен макул экендигин айтат Vesti.kg сайтына. Мамлекет башчыбыздын сунушу эң туура.

- Ар бир сот проценсси таза болушу керек, буга видеого тартуу чоң салым кошот. Бирок , мыйзам кээ бир учурларды эске алат, ал жабык сот болгон учуру. Мисалы, ал абийир жана кадыр барк менен байланышкан учурда.  Менин оюмча бул процесстер таркатылбаса керек.

Ал эми юрист Акин Токталиевдин соттук процесстерди видеого тартуу тууралуу ою башкачараак.  Анын ою боюнча, андан да эффективдүүрөөк чаралар бар, мисалы, сапаттуу кайтаруу жана жаза коркунучу.
- Видео жана аудио жазуулар сөзсүзболуусу керек, - дейт ал Vesti.kg. сайтына. - Бирок андан да эффективдүүсү соттордун акыйкат эмес чечимдерине карата болгон жоопкерчиликти күчөтүү. Азыркы соттор андай жоопкерчиликке тартылбайт.

Ошондой эле Жогорку сот  отурумдагы болуп жаткандардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөөчү орган түзүүсү керек.

- Видео сөзсүз болуусу зарыл, бирок мен жогоруда айткан нерселер да кошулса жакшы болмок, - дейт ал. - Видео анчалык эффективдүү болбой калышы мүмкүн , себеби юридикалык тилди баары эле түшүнө бербейт, ошондуктан коррупция кадр артында калып калышы мүмкүн.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх