«Жашыл» идеясын депутаттар кезектеги популизм деп аташты
Депутаттар Кыргызстандын экологиялык экономикасынын өнүгүшүнө концепсия жазышты. Бирок мунун биздин турмушубузга киришине баары эле ишене бербейт
«Жашыл» деп аталган экономикага өтүү менен бирге Кыргызстан тышкы карыздан кутулат. Бул оюн экономист Жумакадыр Акенеев Vesti.kg сайтына билдирди.
- Элдер планетаны булгап жатышат, жасалма продукциялар ар кандай ооруларга алып келет, ошондуктан "таза" экономиканы өнүктүрүшүбүз, - дейт ал. - Кыргызстан "жашыл" экономикага даяр. Бизде өнөр жайы жок, а айыл чарбасында болсо башка өлкөлөрдөгүдөй жер семирткичтер колдонулбайт. Энергетикабыз да экологиялык, бир гана Бишкек ЖЭБди эске албаганда. Ага акчаны коротуштун кереги жок болчу, андан көрө башка технологияны оөнүктүрүшсө болмок. Бирок бизде гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тышкы карыздан кутулуунун бир жолу, анткени "жашыл" экономикасы бар өлкөлөрдүн карызын эл аралык уюмдар кечип жиберет.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыровдун ою боюнча, Кыргызстандагы жашыл экономиканын жүрүшү жакшы, бирок ал жашоого оңой менен кирбейт.
- Экономика экологиялык болушу үчүн олуттуу нерселер керек, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Стандартка ылайык катуу чаралар болушу керек.
Бүгүнкү күндө ЕАЭСтин алкагында биздин мамлекет өзунүн бул рынокко катышуусу тууралуу маселелерди абдан кыйналып коюп жатат. Жабдуулар жана лабораториялар керек. Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргызстанда көптөгөн концепсиялар жана программалар болду, бирок баары кагаз жүзүндө калып жатат. Таза экономиканын биздин жашообузга кириши үчүн, биринчи этопта аябай жан үрөө керек.
Өз кезегинде экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов, депутаттар фантастикалык концепцияларды иштеп чыга берүүнүн ордуна, боло турган нерсе менен алектенсе дейт.
- «Жашыл» экономика - экологиялык өндүрүш, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Бирок, чсындыгында - бул жомок, эң эле болбоду дегенде 50 жылда ишке ашат. Кыялданганга эч ким каршы эмес, бирок чындыктан алыстап кетпеш керек да.
Абанын булганышынын бирден бир себеби бул автомашинанын түтүндөрү. Муну жок кылуу үчүн биз автомобилден баш тартышыбыз керек же болбосо заводдон жапжаңы чыккандарын пайдаланышыбыз керек. Түшүнүктүү, Кыргызстанда бул мүмкүн эмес, себеби элдин жарымы аябай жакыр турмушта жашашат. Депутаттардын бул сунушу популизм.
Жомок айтканды токтотуп, чыныгы жашоо менен жашайлы. Аткарылбай турган концепцияларды жазбайлы.
Экмат байпакбаев башында турган демилгечи топ жашыл экономиканы өнүктүрүү концепсиясын коомчулуктун талкуусуна коюшту.
Эл өкүлдөрү биздин мамлекеттин жана бүткул планетанын экологиясына кам көрүп кошту.
«Ар кандай ойлордун болушуна карабастан Кыргызстанда жашыл экономика үчүн жаман эмес башталыштар бар, деп айтылат документте. - Коңшу мамлекеттерден айырмаланып бизде химиялык, металлургиялык жана нефтехимикалык өндүрүштөр жок. Дагы бир жакшы жагына кошчу нерсе энерго ресурсубуз гидроэнергетика».
Кыргызстанда минералдык жана химикалык жер семирткичтер жок, болгон күндө да аларды аз пайдаланышат. Кыскасы Дүйнөлүк банктын билдиргенине караганда, республика жашыл экономиканы өнүктүрүүгө ыңгайлуу жер. Бул биздин жашыл экономикасы бар аралчага айлануубузга шарт түзөт.
Депутаттар транспортту, өндүрүштү, энергетиканы жана айыл чарбасын «жашыл» кылууну көздөшөт.
Вероника Малышева
Фото www