Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кечээ Бабановдун туулган күнү болду. Депутаттардын кимиси куттуктады?

Экс-депутат мурдагы кесиптештеринин анын 48 жашын унутпай куттукташкандарына ыраазычылык билдирди

Кечээ жакында эле президенттикке мурунку талапкер, мурунку "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 48 жашка толду. Бул тууралуу Vesti.kg сайты аны унутпай куттуктаган депутаттар кимдер экендигине кызыкты.

Депутат Руслан Казакбаев бул датаны унутпагандыгын билдирди.

- Албетте, мен аны кечээ куттуктадым, - деди ал. - Менин оюмча куттуктоолор көп болгон болуш керек. Өзүңөр деле соц. тармактан көрсөңөр керек. Тилеккке каршы анын өзу менен байланыша албадым, ал кчет мамлекетте командировкада экен. Ошондуктан мен СМС- куттуктоо жаздым. Кечкурун болсо анын ыраачылык жообун уктум.

Андан сырткары , депутат Өмүрбек Бабановдун убактылуу болсо да Кыргызстанга келе албаганына өкүнөт.

- Өмүрбек Токтогулов өзүнүн долбоорлору менен алектенип жатат., - деп улады Руслан Айтбаевич. - Албетте анын убактылуу болсо да Кыргызстанга келе албаганы өкүнүчтүү.  Силер билесиңер да бул мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо менен байланыштуу экендигин. Ал шайлоодон кийинки туруктуулук үчүн өлкөдөн чыгып кетти. Мен тергөө органдары бул ишти терең изилдеп, актап чыгаарына жана анын Кыргызстанга кайтып келишине ишенем.

Мен Бабановдун келечекте Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошоруна жана инвестиция тартып келээрине ишенем.

Өмүрбек Бабановду туулган күнү менен Мирлан Жээнчороев куттуктаган, бирок ал аны менен кантип байланышкандыгын айткан жок.

- Мен аны мүмкүн болгон байланыш каражаттары боюнча куттуктадым, деп ал кыска жооп берди Vesti.kg сайтына.

Депутат Максат Сабиров Vesti.kg сайтына өзүнүн мурунку лидерин азырынча куттуктай электигин мойнуна алды.  

- Мүмкүнчүлүк болсо эле куттуктайм, - деп кошумчалады ал.

«РАЖдын» башка депутаттары менен байланышка чыгууга мүмкүн болгон жок.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх