Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков: 46 жолу да, 16 жолу да эмес, 4 жолу!

Мурунку премьер Кытайга барган акыркы алты жылдагы сапарлары тууралуу айтып берди. Кытайга ЖЭБ маселеси тууралуу бир да жолу барбагандыгын айтты

КСДПнын төрагасынын орун басарына КЭРге  болгон сапары тууралуу айтып берди. ЖЭБдин авариясын талкуулоодо депутаттар Сапар Исаковдун Кытайга тез тез каттоосу тууралуу айтышкан эле. Ар кандай цифраларды айтышкан болчу - кээ бири 46 десе, кээ бири 16 дешкен. Муну менен депутаттар премьердин бул өлкө менен байланышын көрүшкөн. Ал эми Сапар Исаков болсо бул ойлорду четке кагат. Ал сапарлары тууралуу документтер көтөрүлгөн. Чындыгында 6 жыл ичинде 4 жолу Кытайга барган экен. Бардык жүрүштөр иш сапарына байланышкан.

2012-жылы Пекиндеги ШОСтун саммитине барган. андан кийинки Шанхайга болгон жүрүш мамлекеттик болгон жана ал 2014-жылкы Азиядагы карым катнаш жана ишеним боюнча чогулуш эле.

Үчүнчү жолу Сапар Исаков Пекинге Экинчи дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган майрамга сентябрь айында барган.

Ошондой эле төртүнчү жүрүшү 2017-жылы январь айында КР Президентинин визитинин алкагында болгон. « Ошондо мен Кытайга бир гана официалдуу делегаттардын коштоосунда баргам, ал эми ЖЭБ маселеси боюнча бир да жолу барган эмесмин. Депутаттар чамасы туура эмес маалымат алып алышкан, ошентип элди өздөрү адашууга алып барышкан» , - деди Сапар Исаков.

Исаковдун созу боюнча депутаттар улуу трибунадан сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек.

КСДП нын пресс- кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх