Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Түлеев: Мен жаткан адамды теппейм. Атамбаевдин жазасын Алла берсин

Мурунку мэр түрмөдөн экс-президентке жазган «өзүнүн» каттарын графологиялык экспертизага берүүнү али чече элек

Эгерде экс-мэр Нариман Түлеев президент Атамбаевге жазган каттардын кол тамгалык экспертизасын талап кылса, анда КСДП бул документтерди даярдап берүүгө даяр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын пресс-секретары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын сөзү боюнча, Түлеев президентке бир канча жолу жазган.

- Бул каттардын баарын анын талабы боюнча биз укук коргоо органдарына жеткиришибиз керек болчубуз, - дейт Жолдубаева.

Ал ортодо мурунку шаар башчы Нариман Түлеев Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарына азырынча билдирээрин  чече электигин айткан.

- Көрөбүз, -деп жооп берди ал. - Алардын фейк боюнча кандай уста экендигин баары билишет. Анын үстүнө мен жаткан адамды теппейм. Атамбаевди Алла жазаласын.

КСДПнын пресс-кызматы Нариман Түлеев жазган деген катта Атамбаевден кечирим сурагандыгын ММКларга жарыя кылган болчу. Ал эми мурунку шаар башчынын өзү болсо бул  катты «одоно фальсификация» деп, графологиялык экспертизига берүүгө даяр экендигин айткан.

Бакыт Стамов
фото www    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх