Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Текебаевдин иши эмне үчүн кайра каралыш керек экендигин айтып беришти

«Конституциянын атасынын» жактоочулары жаңы ачылган жагдайларды  тыкыр иликтөөнү суранышат

"Ата-Мекен"  партиясынын экс-лидери жана ӨКМ мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра каралыш керек. Бул тууралуу  бүгүнкү пресс-конференцияда Наталья Никитина билдирди.

Анын сөзү боюнча, азыркы күнгө 5 жаңы ачылган жагдай бар, алар бул ишке таасирин тийгизе алат.

Биринчиден ӨКМ экс-башчысы "Супарадагы"  Текебаев менен россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин жоолугушуусуна катыша алмак эмес.

«Чотонов ошол күнү Ошто болчу, Текебаев болсо убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кезексиз жыйынында болчу. Мунун баары Отунбаеванын көрсөтмөлөрү жана журналисттердин сүрөттөрү менен далилденип жатат» , - деп билдирди Никитенко.

Экинчиден депутаттын өзү да ошол мезгилде Маевскийдин Кыргызстанда болбогондугуна көзү жетет.

«Мамлекеттик органдар обьективдүү маалымат берген жок, таза сот болууга каршылыктар болуп, Текебаев менен Чотоновго карата буйрутма саясий репрессия болду» ,- деп белгиледи ал. - Бардык жаңы жагдайларды камтыган кат Баш прокуратурага берилет.

Ошондой эле депутат мыйзамда эң маанилүүсү кылмыш болгон жерди аныктоо болот, башкача айтканда кылмыш болгон убакытты аныктоо.

Ошол эле убакта Өмүрбек Текебаевдин партиялашы Мирлан Жээнчороев журналисттер менен болгон жоолугушууда мамлекеттик органдар жаңы даталар менен жаңы документтерди табышкандыгын айтты.

Анын ою боюнча бул бардык чындыкты айтууга болгон даярдык.

«Чиновниктердин ой жүгуртүүсү өзгөргөн окшойт. Маморгандар эми туура маалыматтарды бере баштады. Иш эми жаңы ачылган жагдайларга карата кайра каралышы мүмкүн», - деп эсептейт ал.

Өз кезегинде Текебаевдин жактоочулары ишти кайра кароо 10 же 15 күнгө гана созулушу мүмкүн дешти.
 
Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх