Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акунов: Атамбаев бул кагаздарды жөн гана ыргытып, Сапарды уккан да жок

Өзүн мурунку премьер-министрдин эски досумун деп атаган адамдын жаңы ачылыштары

"Нариман Түлеевди коргоо комитетинин" мурунку башчысы Урматбек Акунов мурунку жаңылыктары менен токтоп калган жок. Vesti.kg сайтына ал сапар Исаков экөөнүн достугунун айрылышынын дагы бир себебин, ошондон кийин такыр сүйлөшпөй калышкандарын айтып берди.

Активисттин сөзү боюнча, бул окуя анын бакиевдик режимге каршы күрөшүп каза болгон атасы тууралуу болмокчу.

- Мен биринчи жолу Сапарга атамдын иши тууралуу келгем, ал анда Убактылуу өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнү башчысы болчу,- дейт Акунов. - Сапар менин атамды жакшы билчү, бир канча жолу андан кеңеш сурап кайрылган. Ал мага жардам берем деп убада кылды. бирок эч кандай жылыш болгон жок. Кийин мен дагы келдим ага. Ал убакта Сапар президенттин аппаратынын башчысы болчу. Ал мага кийинчерээк кир, убактым жок деди. Бул иш боюнча Атамбаевге киргендигин жана ал Сапарды укпай эле кагаздарды ыргытып койгондугун айтты.

Андан ары активист  досу премьер-министр болуп турган чакты эстейт.

- Ал мага аябай корс тийди, бирок мен ага таарынган жокмун, - дейт активист. - Ал мага качан чечим чыкканда өзүм чалам сага деп өтө эле суз айтты. Андан кийин биз такыр эле сүйлөшпөй калдык. Мына эми болсо ага көптөгөн кылмыш ишин козгогону жатышат. Акырында ал жалгыз калды, досторунун баарын жоготту.
 
Урматбек Акуновдун атасы Бектемир Акунов жарандык активист болгондугун эскерте кетели. Ал 2007-жылы Бишкектеги ачкачылык акциясына катышкандан кийин ал Нарынга митинг кылууга уруксат алганы жергиликтүү бийликтегилерге барган. Бир нече сааттан кийин ал камакка алынып милиция бөлүмүнө жеткирилет. Андан кийинки күнү аны камерадан каза болгон абалда табышкан.

Официалдуу версия боюнча - өзүн өзү өлтүргөн. Анын уулу Урмат Акунов милицияны кыйноого алгансыңар деп күнөөлөгөн. Ал иликтөөнү талап кылган, анын атасынын денесинде көгөргөн жана шишиген тактар болгон.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Бектемир Акуновго тийешелүү иш жабылган.

Соттук экспертиза Бектемир Акуновго күч колдонгондеген версияны аныктаган жок. Ага камерадагылар травма келтириши мүмкүн деген жыйынтык чыгарылган. Жыйынтыгында эки милиционерге этият болбогон деген гана айып коюлган.
 
Урматбек Акунов кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына макул болбой, укук коргоочуларга жана эл аралык уюмдарга кайрылган. Укук коргоочулар Бектемир Акунов камалган убакта ур токмокко алынгандыгы үчүн каза болгон деген тыянакка келишкен. Бул пикир менен БУУнун адам укугу боюнча комитети макул болду. Кыргыз бийлиги анын камалганда милициялардын кыйноосунан коргогон эмес жана күнөөлүүлөрдү жазалаган эмес.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх