Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чотонов бир кружка пиводон кийин, алар Текебаев экөө Маевскийден акча алышканын мойнуна алды»

Негизги күбө Чотонов "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев россиялык бизнесменден "Мегакомдун"  үлүшүн сатуу үчүн пара алган деп айтты

ӨКМ мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотонов россиялык бизнесмен Леонид Маевский аларга 1 миллион доллар бергендигин депутат Өмүрбек Абдрахмановго айтып, мойнуна алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына айыптоочу тараптын негизги күбөсү Өмүрбек Абдрахманов билдирди.

Мурунку депутаттын билдирүүсүндө, Текебаев УКМКдагы Маевский менен болгон беттешүүдө муну мойнуна алган.

- Мени тергөөчү күбө катары чакырганда мен азыр силерге айткандарды айтып бердим.  Мен Леонид Маевскийдин Өмүрбек Текебаевге кыйкырып акчаны бер дегенин өз көзүм менен көрдүм. Бирок миллион доллар алганын көргөнүм жок. Ошол учурда соттолуучунун өзү мага чындыкты айтып жаткандыгым үчүн рахмат айтты. Тергөөчүгө «Акчаны көргөн жокмун» деди деп жазуусун сурады.

Бирок мен айткан жоолугушуунун өзүн менин көзүмчө танган жок, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Ушул жана башкаларды эл өкүлү эстеп айтып берди.

- Мен акча тууралуу укканымда дароо эле Чотонов менен жоолуктум, ал эч кандай акчаны алган эмесмин деген. бирок окуя ошону менен эле бүтүп калбайт. Кийинчерээк мага Текебаев телефон чалып, Киевский, Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Мажорго» келип пиво ичип кетүүмдү өтүндү. Ал жерде мага ӨК министри мурда сүйлөшкөндө калп айтып койгондугун мойнуна алды. «Кечирип кой, чындыгында мен туура эмес айттым… Биз Маевскийден 1 миллион доллар алдык, ал акча партиянын керегине жумшалды»,- деп айтты ал мага. Ушул учурда Текебаев "Сеин ишиң болбосун ! финансылык иштерге киришпе !"- деди. Ошол учурдан баштап конфликт башталды, мен андан соң партиядан кеттим,- дейт Текебаевдин мурдагы партиялашы.

Анан да Өмүрбек Абдрахманов камактагы саясатчынын эч качан түрмөдөн чыкпашына ишенет. Анын тарапташтарынын арыздары жардам бербестигин айтат.

- Аны коё берет деп ойлобойм, кылган иштери үчүн түрмөдө отурсун. Президент бул ишке киришет деп ойлобойм, анткени Текебаев мурун Сооронбай Жээнбековго да ылай шыбап жүргөн, - деп сөзун аяктады.
Кечээ пресс-конференцияда депутаттар жана Текебаевдин актоочулары бул иш боюнча жаңы ачылган 5 жагдайдын бар экендигин билдиришкендигин эсиңиздерге салабыз.
Алар Баш прокуратура бул ишти кайра карашына ишенишет.

Алтынай Темирова
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх