Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова Жогорку Кенештеги креслосун кайтарып ала алат

БШК дан адегенде Жогорку сот биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгаруусу керек деп түшүндүрүштү. Процесс бүгүн КР ЖС болот

Бүгүн саат 14:00 Жогорку сот экс-депутат Аида Салянованын ишин кароону улантат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР ЖС пресс-кызматы билдирди.

ММКлардын билдирүүсүнө караганда соттук коллегия бүгүн чечим чыгарышы керек, айыпталуучунун жактоочусу акыркы сөзүн сүйлөйт.

Эгерде Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарса, Салянова мандатын кайрып ала алабы ?  мындай суроо менен  Vesti.kg сайты БШКнын  мүчөсү юрист Кайрат Осмоналиевге кайрылды.

Анын сөзү боюнча, Жогорку соттун биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарышы экинчи инстанциянын да чечимин жокко чыгарат.

- Мындай учурда Жогорку соттун чечими угузулаары менен күчүнө кирет,- деп бышыктады Кайрат Осмоналиев. - Жаңы ачылган жагдайга байланыштуу, биз анын мандатын кайрып бергенге аргасыз болобуз. Башка жагынан алып караганда парламентте орун толуп калган. Бул учурда биз  депутаттык мандатты берүү чечимин жокко чыгарууга туура келет да, Саляновага мандатын кайрып беребиз. Баары мыйзамдуу. Адегенде эле биз өкүм күчүнө кирүүсү үчүн чечим кабыл алганбыз.

Ошол эле убакта өкүм артка кайтарылса, соттор жазасын алышат дейт эксперт.

- Эгерде Салянованы актаса, анда аны жоопко тарткан сотторду айып тагылуусу керек. Алар кылмыш жоопкерчилигин тартышы керек. Жок дегенде ээлеген кызматынан алып салууга туура келет. Бул туура эмес, бир сот актаса , экинчиси күнөөлүү деп таап жатат. Демек экөөнүн бирөө туура эмес.

Аягында Осмоналиев экс-депутатка козголгон иш тууралуу баяндады.

- Негизи бул иште анын орун басары Жылдыз Мамбеталиеваны жоопко тартуу керек болчу.

Таң калыштуу жол менен ал бул ишке күбө катары гана өттү. Ал гана ушул ишке жоопкерчиликтүү болчу. Ал эми Салянова болсо «көңүл коштук жана шалаакылык» боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек эле. Анткени бул документтерди Мамбеталиева даярдаган да.

Бакыт Стамов
фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх